Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тайганы тууралуу көргөзмө ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 345 | 0

Бүгүн, 15-июнда Улуттук тарых музейинде «Бабалардын баа жеткис мурастары Тайган» көргөзмөсү ачылды. Ал 30-июнга чейин ачык болот.

Мындан сырткары 25-27- июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Каракуштун Мекени» атуу эл аралык этнофестиваль өтөт.

Көргөзмөдө жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдардын бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар, сүрөттөр коюлду. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Маалыматка караганда, 2018-жылдан бери «Кыргыз тайганы» долбоорун ишке ашыруу учурунда көптөгөн тарыхый-археологиялык материалдар жана табылгалар аныкталган.

Маданият министрлиги бул көргөзмө аркылуу коомчулукка тайган тууралуу анык маалыматтарды жеткирүүнү көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM