Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги № 47 тергөө абагы жабылды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 459 | 0

Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду. Тиешелүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

№ 47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылды. Анда жаза өтөп жаткандар башка абактарга которулган.

№ 47 жаза өтөө мекемеси Бишкектин түштүк-батыш тарабында, калк жыш жашаган аймакта жайгашкандыктан, жанаша турган турак жайлардын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратып келген. Ошондой эле жаза өтөө жайы заманбап талаптарга жооп бербей турганы айтылды.

№47 колония 31-тергөө абагына которулары буга чейин айтылган. №31 тергөө абагы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан. Колонияда кургак учук менен ооругандар үчүн аралаш режимдеги республика боюнча жалгыз оорукана бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM