Биз менен байланышыңыз

Аширходжаев: Ак-Ордо-3 конушундагы үй сүрдүрүлбөйт

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 656 | 0

Ак-Ордо-3 конушунун 520-контурундагы мыйзамсыз курулган үй сүрдүрүлбөйт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламенттеги жыйында билдирди.

«Азыркы убакта алар ич ара келишип, ишеним кат жазышып, үй куруп алгандар жер ээсине акчасын төлөп берет. Ошону менен бүтөт, үй сүрдүрүлбөй калды», — деди Аширходжаев.

Кечээ соттун чечиминин негизинде Сот-аткаруу департаментинин кызматкерлери барган. Өз кезегинде коомдук тартипти кароо максатында Сокулук РИИБдин кызматкерлери тартылган. Үйгө барган учурда кээ бир адамдар нааразычылыгын билдирип, сот аткаруучулардын ишине тоскоолдук жараткан. Андан соң милиционерлер коомдук тартипти сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Саат 14:30дар чамасында чогулгандар тарап кетишкен.

Буга чейин күбөлөр жер тилкесин талашкан эки адамдын бири кечээ экскаватор менен келип, экинчисинин үйүн түрттүрө баштаганын кабарлаган. Турак жайы бузулуп жаткан киши жерди ишеним каттын негизинде сатып алганын айтып, каршылык көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM