Биз менен байланышыңыз

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2022 | 399 | 0
Сүрөт: Элан Абдыкеримов

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.

Шевченко 12-июнда UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.

Сингапурда өткөн турнирде Шевченко 48, ал эми атаандашы 47 упай алды. Ал UFC уюмунун кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM