UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Кыргызстанга келди.
Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.
Шевченко 12-июнда UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.
Сингапурда өткөн турнирде Шевченко 48, ал эми атаандашы 47 упай алды. Ал UFC уюмунун кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.