Биз менен байланышыңыз

Жайкы лагерлерде коопсуздукка жылдагыдан көбүрөөк көңүл бурулат

Коом | 14 Июн 2022 | 548 | 0

Мектептерде окуу жылы аяктап, окуучулар жайкы каникулга тарады. Мындай учурда, айрыкча шаар жеринде турган ата-энелер балдарын эс алууга жиберүүнү ойлоно баштайт. Албетте, атайын эс алуу лагерлеринин катары жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Бул жайларда алар эс алуу менен бирге билим деңгээлин, дүйнө таанымын кеңейтип, башка да досторду таап, жан дүйнөсүнө азык топтой келет. Бирок андагы коопсуздук маселеси ата-энелерди чочулатууда. 

 16-июндан тарта билим берүү мекемелеринде жана Ысык-Көлдүн жээгинде балдар үчүн лагерлер өз ишин баштайт. Аялуу катмардын балдары жана мыкты, активист окуучулар үчүн Бишкек шаарындагы 46 мектепке лагерь ачылат. 20 күндүк лагерде 4470 бала эс алат.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова лагерь ачыла турган мектеп санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерилерин айтат. Лагерь балдарды акысыз эс алдырат. Бара тургандардын тизмеси алдын ала бекитилген.

«Күн сайын эртең мененки 8ден түшкү 2ге чейин балдарга эки жолку тамак берилет, алар ар кандай тренинг, окутуу, ийрим, оюндар менен алек болушат. Мисалы, быйыл мектептерде 75 секция иштейт. Ошол секциялар шаардык жана шаардагы райондук чыгармачыл борборлор менен биргеликте уюштурулган. Лагерлер 20 жумушчу күн иштейт». 

Мэриянын билим берүү башкармалыгы аны менен катар июль айында 23 окуучуну Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине жөнөтөт. Башкармалык борбордо коопсуздук шарттары толук сакталганын билдирди.

Ошондой эле 10-июндан тарта Чолпон-Ата шаарындагы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Алтын балалык» борбору кабыл алуусун баштады.

Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун бөлүм башчысы Жылдыз Акматова «Алтын балалыкка» көп балалуу, жакыр, майып үй-бүлөлөрдүн 8 жаштан 14 жашка чейинки балдары жөнөтүлөрүн, алгачкы топто 200 окуучу бар экенин маалымдады.

Анын айтымында, бардык облустан балдар атайын план менен жөнөтүлүп турат. Алардын тизмесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү министрликке жөнөтөт, анын негизинде борбор бара тургандарды бекитет. «Алтын балалыкта» коопсуздук толук сакталган.

«Ар бир 15 балага бирден тарбиячы бекитилген. Тарбиячылар да жергиликтүү бийлик тарабынан каралып, тандалган. Балдарды карай турган тарбиячыдан «жугуштуу оору менен ооруган эмес жана оорулуулар менен байланышкан жок» деген медициналык маалымкат талап кылынат. Анткени 200дөй бала кетип жатат, көпчүлүктө ооруп калган баланын оорусу тездик менен жайылып, баарына кооптуулук жаралат. Муну алдын алуу максатында тастыктамасы бар дарыгерлер кетет. Ошол эле учурда балага да «ден соолугу чың» деген медициналык маалымкат керек болот». 

Айта кете турган жагдай, акыркы убактарда балдардын жайкы эс алуусуна жеке тараптар да көңүл буруп, колго ала башташты. Алардын бири «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду жыл сайын окуучуларды Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагерине жөнөтүп турат. Бул жылы жети облустан 200гө чукул балага эс алуу уюштурууну мерчемдеп жатышат.

Фонддун лагерине жыл сайын ата-энесинен ажыраган жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары барат. Былтыр Баткен облусунун балдарына өзгөчө басым жасалганын фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков айтып, лагерди уюштуруунун негизги максатына токтолду:

«Негизги максатыбыз: балдарды реабилитация кылуу. Биздин программа «жөн эле Көлгө келди, сууга түшүп, жыргап кетти» деген эмес. Убакытты туура пайдаланып, балдарды бир нерсеге үйрөтүү, шыктандыруу максатында билимине инвестиция салабыз. Ошондой эле балдарга психологиялык жардам көрсөтүлөт. Мындан сырткары актёрдук чеберчиликке, көпчүлүктүн алдында тартынбай сүйлөөгө үйрөтөбүз. Аларга атайын адистер сабак берет. 11 балага бир тарбиячы бекитилет. Мындан сырткары координаторлор болот. Быйыл авиакомпания бизге жардамчы болуп Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан 91 балага учак бөлүп, бир тарабын камсыздап берип жатат. Ошондой эле балдарды дайыма алгачкы жардам көрсөтө турган медайым коштоп жүрөт».

Акыркы кейиштүү окуядан кийин балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бура баштагандарын айтышты эс алуу жайларынын ээлери. Алардын берген маалыматына караганда, Бишкектен тышкаркы аймактарга балдарды Жол-кайгуул кызматынын унаасы коштоп барат. Ошондой эле тарбиячылардын саны мурдагыдан көбөйтүлүп, медайымдардын штаты кеңейтилген. Куткаруучулар да жылдагыдан айырмаланып, өзгөчө даярдыктан өткөрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM