Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамыржан Рахимовдун дипломду мыйзамсыз алганы аныкталды

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 1093 | 0

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин дипломун жана жарандыгын текшерүү иштеринин жүрүшүндө Президенттин Баткен облусундагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Рахимов Мамыржан Тойчиевичтин жогорку билими жөнүндө дипломун мыйзамсыз алганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2004-жылы Мамыржан Рахимов Баткен мамлекеттик университетинен алган жасалма академиялык сертификат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган.

2005-жылы ал кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен Мамыржан Рахимов жогорку билими тууралуу диплом алган.

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (жасалма документ колдонуу) менен иш козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM