Биз менен байланышыңыз

Беш айда ИДПнын көлөмү 270 млрд сомдон ашты

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 214 | 0

ИДПнын көлөмү январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.7%га өсүп, 270 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» кенин эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 250 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.7%га өскөн.

Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 7.9%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4%ды түздү.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (48.6%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген, товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33.9%ды түзгөн.

Өнөр жайынын үлүшү 21.1%ды, айыл чарбасынын үлүшү 8.1%ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM