Ушул жылдын 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тинтүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, үйдүн ээси М.И.М. аттуу Кыргызстандын жараны экени аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айында 2014-жылдан бери тааныш болгон Рустам экөө күнүмдүк керектелүүчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстандан Өзбекстанга туннель казышканын айтып, күнөөсүн толук мойнуна алган. Ошондой эле кылмыштуу ишке түрткү болгон жагдайларды тактоо үчүн тергөө менен толук кызматташууга даяр экенин билдирген.