Биз менен байланышыңыз

КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева көз жумду

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 239 | 0

Узакка созулган оорудан улам 11-июнда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясында профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн.

Динара Салиева Кыргыз Республикасындагы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист. Кыргыз филармониясынын, «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген.

Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.

Легендарлуу Бах соборунда — Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген.

Динара Салиева философ-педагог, жазуучу, публицист, искусство таануучу жана коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

2015-жылы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун «Эне талаасы» ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, элге тартуулаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM