Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз тайганы тууралуу көргөзмө өтөт

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 461 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

15-июнда Улуттук тарых музейинде кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдарды жана артефакттарды чагылдырган тематикалык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Көргөзмө президенттин «Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Кыргыз тайганы» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Иш-чарага Президенттин администрациясы, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгельдиева, манасчылар, чыгармачыл топтор, ардагер тайганчылар катышат.

Маалыматка караганда, 2018-жылдан бери «Кыргыз тайганы» долбоорун ишке ашыруу учурунда көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар аныкталган. Бул көргөзмө аркылуу коомчулуктун кеңири катмарына тайган тууралуу анык маалыматтар жеткирүү пландалууда.

Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдар бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Ошондой эле түрлүү булактардан алынган илимий, адабий, маалыматтык материалдар дагы коюлат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар каралган.

Көргөзмө 2022- жылдын 15-июнунан 30 июнуна чейин өтөт.

Мындан сырткары, 25-27- июнь күндөрү Жалал- Абад облусунун  Токтогул районунда «Каракуштун мекени» атуу эл аралык этнофестиваль өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM