Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы башталган учурдан тарта «Салык чек» тиркемесин 42 миң 167 адам пайдаланып жатат.
Жалпы 1 млрд 840 млн 500 миң сомго 1 млн 900 миң 870 кассалык чек сканерден өткөрүлгөн.
Лотереялык система аркылуу утушка катышуу үчүн колдонуучуларга 1 млн 755 миң 635 электрондук лотереялык билет (ID номер) ыйгарылган.
Лотереяга катышуу үчүн:
– Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек;
– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;
– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.
Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.
Лотереянын биринчи утушу 1-июлда Ала-Тоо аянтында болот. Биринчи турда бизнес өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.