Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.