Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: ККМди убактылуу токтото турабыз (видео)

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 913 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машиналарды орнотууга 10 күндүк мораторий киргизип, ошондой эле айып пулдарды алып саларын билдирди.

Бул тууралуу ал 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы өткөн нааразылык акциясынын катышуучуларына айтты.

Акылбек Жапаров алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын, ошондой эле дары-дармек саткан ар бир адам сөзсүз түрдө кассалык аппарат колдонушу керектигин эскертти.

Бирок азык-түлүк менен иштегендерди, ун, кумшекер саткандарды, чакан дүкөндөрдү ККМ колдонуудан бошотсо болорун кошумчалады.

«Патентке байланыштуу маселени карап чыгууга макулмун. Силер патент төлөөгө макулбуз деп жатасыңар, келгиле келишип алалы, жумушчу топ түзөлү, ар кайсы аймактан ондон киши чогулсун, карап чыгалы. Эсеп-фактура силерге тиешеси жок, ал өндүрүшчүлөрдөн талап кылынат. Алар таза продукцияны силерге алып келип бериши керек. Эсеп-фактура — байлардыкы. Биз ошол чоң көлөмдөгү жеткирүүчүлөрдөн талап кылабыз», — деди өкмөт башчы.

13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы нааразылык акциясы өтүп, ага Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген соодагерлер жана башкалар катышты.

Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, талаптарын укту.

Нааразылык акциясына чыккандар ККМге жана эсеп-фактурага каршы экенин айтышып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту.

«Биз салыктан качкан жокпуз. Бирок салыкты тапкан кирешебизге жараша төлөшүбүз керек. Азыр мугалимдердин айлыгын көтөрдүңөр, бирок аны элдин эсебинен көтөргөнүңөр туура эмес. Ишкерлердин жолун буубай, бизге жол көрсөтүңүз. Биз тапкан наныбызга жараша гана салык төлөйлү», — деди соодагерлердин бири.

Ушундай эле акциялар буга чейин да өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM