Биз менен байланышыңыз

Индия Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 383 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индия мамлекетинин тышкы иштер министри Минакши Лекхи менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев Минакши Лекхиге Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.

Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп жатканын, Кыргызстан менен Индия эки тараптуу жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенип, бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи.

Өз кезегинде Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Инвестиция, медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Copyright © 2017 Maral FM