Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №212 маршрутка оодарылып алты киши жабыркады (видео)

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 1147 | 0

Бүгүн, 12-июнда Бишкекте Достук жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, натыйжада №212 маршрутка оодарылып кетти. Ичинде жүргүнчүлөр болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, Lexus үлгүсүндөгү автоунаа маршруткага негизги жолго чыгууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

Маршрутканын айдоочусу кагылышуудан качууга аракет кылып, рулду кескин буруп, оодарылып, башка унаага кулап түштү.

Алты киши жабыркаганы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM