Connect with us

Аквапарктагы кырсык: Мектептин жетекчиси кызматтан бошотулду

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 845 | 0

Бишкектеги №95 мектептин директору Айгүл Шимова жумуштан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева маалымдады.

Анын айтымында, мектеп жетекчиси жума күнү, 10-июнда, ооруканадан чыккандан кийин жумуштан бошотулган.

«Айгүл Шимова Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча билим берүү процессин үзгүлтүккө учураткандыгы, эмгек дисцисплинасын бузгандыгы жана билим берүү башкармалыгынын окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жөнүндө буйругун аткарбагандыгы үчүн бошотулган. Кылмыш жоопкерчилигинин маселеси биздин компетенциябызда эмес, бул тергөө жүргүзүп жаткан укук коргоо органдары тарабынан каралат», — деди Мозачева.

Эске салсак, бүгүн билим берүү министрлигинин имаратынын алдынды №95 мектеп окуучуларынын ата-энелеринин митинги болуп өттү. Алар окуу жайдын директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну талап кылышкан. Ошондой эле аквапарктын администрациясына тийиштүү жаза берүүнү өтүнүшкөн.

6-июнда Бишкектин №95 орто мектебинин 3-классынын окуучусу «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп көз жумган. Буга байланыштуу комиссия түзүлүп, №95 мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы ишинен бошотулган.

Комиссиянын чыгарган корутундусуна таянып айтсак, кырсык болгон жерде 13 башталгыч класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим, тогуз ата-эне болгон. Алар окуучуларга эс алуу уюштуруп жатышканын мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына кабарлашкан эмес.

Учурда кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат.

Коомчулук жана ата-энелер акварпактын жетекчилигине жана мектеп директоруна чара көрүүнү талап кылып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM