Connect with us

Садыр Жапаров: Ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду көрсөтөлү

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 475 | 0

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчаларына кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды чет өлкөдөн келчү туристтерди сыйлоого жана аларга жакшы мамиле кылууга чакырды.

Ал быйыл да туристтердин агымы өзгөчө жогору болорун баса белгилеп, туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы экенин эскертти.

«Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды. Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет», – деди өлкө башчы.

Copyright © 2017 Maral FM