Connect with us

Аквапарктагы кырсык: Ата-энелер митингге чыгышты

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 802 | 0

Бүгүн, 12-июнда Билим берүү министрлигинин имаратынын алдына №95 мектеп окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары окуу жайдын директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну жана ошондой эле аквапарктын администрациясына тийиштүү жаза берүүнү талап кылышууда.

6-июнда Бишкектин №95 орто мектебинин 3-классынын окуучусу «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп көз жумган. Буга байланыштуу комиссия түзүлүп, №95 мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы ишинен бошотулган.

Комиссиянын чыгарган корутундусуна таянып айтсак, кырсык болгон жерде 13 башталгыч класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим, тогуз ата-эне болгон. Алар окуучуларга эс алуу уюштуруп жатышканын мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына кабарлашкан эмес.

Учурда кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат.

Коомчулук жана ата-энелер акварпактын жетекчилигине жана мектеп директоруна чара көрүүнү талап кылып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM