Биз менен байланышыңыз

Жаңы Ак үйдүн пайдубалын түптөө иштери башталды (видео)

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 653 | 0

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын пайдубалынын алгачкы эки деңгээли куюлуп бүттү. Бул тууралуу «Маралга» Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция кабарлады.

Буга чейин маалымдалгандай, курулушту «Сапат пром» компаниясы жүргүзүп, иштин аткарылышын аталган мамлекеттик дирекция көзөмөлдөйт.

Айта кетсек, жаңы Ак үй мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жатат. Бишкектеги тарыхый-маданий жайлардын тизмесине кирген имаратты бузуп, ордуна башка имарат салуу коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.

Президент Садыр Жапаров бул боюнча кайрылуу жасап, курулуш иштерине мамлекеттен акча коробосун, ал Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер тилкесине алмашылып жатканын билдирген.

Жаңы Ак үйдүн курулушу коомдо күмөн ойлорду жаратууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM