Биз менен байланышыңыз

Жаңы Ак үйдүн курулушу коомдо күмөн ойлорду жаратууда

Саясат | 18 Апр 2022 | 1022 | 0

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп, ордуна Президенттин администрациясынын жаңы имараты курула баштады. Ага Президент Садыр Жапаров капсула салды. Өлкө башчы бул курулушка өкмөттүн бир сому коробосун, Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашылып жатканын билдирди. Тактап айтканда, компания Ак үй салып берет, а мамлекет ага башка курулуш жүргүзүүгө 16 гектар жер бөлөт. Ошол эле учурда президент «16 гектар жер бир күнү болбосо бир күнү жеке менчике өтүп кетмек» деген пикирин жазды. 

Башталган ишти жактагандар да болууда, каршы чыккандар да болууда. Айрымдар: «Элдин жашоосу оорлоп, кымбатчылык кыскан ушул маалда мындай иштерди коё турса болмок», — дешсе, айрымдар 16 гектар жердин баасына жана имарат салган кайсы курулуш компания экенине кызыгышууда. Ал эми дагы бир тарап: «Ак үйдү көчүрүп кетсе, шаарда кортеж өтөт деген жол тосуу болбой, тыгын азаят», — дешет. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

1984-жылы курулуп бүтүп, 2007-жылдан тарта колдонулбай калган «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп, ордуна Президенттин администрациясынын жаңы имараты салына баштады.

Тарыхый имараттардын тизмесине кирген мейманкананын бузулушу боюнча коомчулукта нааразы пикирлер айтылууда. Ал арада курулушту кайсы компания жүргүзгөнү да кызыгуу жаратып, ар кандай күмөн ойлорду пайда кылып жатканда, Президенттин администрациясы имаратты ата мекендик TS Group компаниясы саларын расмий жарыялады.

Аны менен бирге Ак үйдүн имаратына алмашыла турган 16 гектар жер тилкеси боюнча кошумча экспертиза жүргүзүлүп, комиссиялык баа берилери да айтылды. Эгер жер тилкесинин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт. 16 гектар жер тилкесине шаардын азыркы планына ылайык келген, заманбап талаптарга жооп берген көп тармактуу чоң комплекс түшөрү күтүлүүдө.

2021-жылдын 24-декабрында Акылбек Жапаров баштаган Президенттин администрациясынын адамдары «Ысык-Көл» мейманканасын бузууга уруксат берүүнүн алдында кой союп, кан чыгарышкан. Мейманкананы «Кыргыз курулуш тейлөө» мамлекеттик ишканасы бузган, бирок ага канча каражат кеткени айтыла элек. Имараттын орду төрт айда түздөлүп, жаңы Ак үйдүн долбоору тез арада даярдалды.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбектин пикиринде, Ак үй куруу аракети жалпы элге болгон кыянаттык жана ойлонулбай кабыл алынган чечим.

«Украина менен Орусиянын ортосундагы акыркы окуялар жана пандемия өлкөдөгү кайсы тармактарда кандай көйгөйлөр бар экенин ачыкка чыгарды. Статистикалык эле маалыматты алсак, 670 мектеп жетпейт, 457 мектеп ремонтко муктаж, анан миллион киши башка өлкөлөрдө тентип жүрөт. Алар жакын арада кайра кайтып келиши да мүмкүн. Азыр экономикалык кризис келе жатканын дүйнөнүн баары айтып жатат. Ошого жараша алдын алып камданбай, Ак үйү, резиденциясы турса да, ушундай абалда көмүскө процесстер менен Ак үйдү салганыбыз, менин жеке пикиримде, кыянаттык. Жумшак сөз менен айтканда, бул — ойлонулбай жасалган иш. Бизде камдап койгон акчабыз жок, карызга, насыяга, грантка жашайбыз. Эми бул кыргыздын карызга батып той кылганындай эле кеп да». 

Жаңы Ак үйдүн курулуш иштерин Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзө турганы айтылган. Бирок мамлекеттик дирекция ата мекендик TS Group компаниясын кантип, качан тандап алганы боюнча маалымат жок. Мыйзам боюнча куруучу компаниялар тендер менен тандалышы керек болчу. Ал эми тендерлерди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга президент 15-апрель күнү гана кол койгон.

Саясатчы Равшан Жээнбеков азыркы бийлик мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын сынга алды.

«Мисалы, тендер жөнүндө мыйзамды жок кылып, «мындан ары түздөн-түз каалаган адамыбызга жерди, мамлекеттик сатып алууларды бере берсек болот» дегендей мыйзамга кол койду. Ошол мыйзамсыз нерселердин баарын ушундай жол менен мыйзамдаштырып жатат. «Биз эми тендерсиз эле баарын таза кылабыз» деген — бул 3-класстын окуучусун алдагандай эле көз караш. Дүйнөлүк тажрыйба бар, анда жаманбы, жакшыбы, жер болобу, мамлекеттик сатып алуулар болобу, баары тендер аркылуу берилет. Бизге окшогон авторитардык өлкөлөргө тендер жаман деп жатпайлыбы. Ооба, ошондой, бирок анын күнөөлүүсү да — ошол президенттер. Анткени кошоматчылары президентке жакын болуп, тендерди бузуп жатышат. Эгерде тендерди дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй ачык-айкын, оппозициялык көз караштагы адамдарды аралаштырып, ЖМКларды комиссияга киргизип кыла турган болсо, ушул жол гана өзүн актап, мамлекетти туура жолго түртмөк. «Ысык-Көл» мейманканасынын тегерегиндеги 16 гектар жерге ачык-айкын тендер өткөрүлгөндө, жыйынтыгы таптакыр башкача болмок. Азыр 16 гектар жерди каалаган жакынына берип коё турган болсо, келечекте ал курулуштун бүтпөй калуу ыктымалы бар. Экинчиси, курулушту бүтүргөн адамдар жана берген адамдар келечекте түрмөгө отуруп калышы мүмкүн. Үчүнчүсү, мамлекеттин жерин уттуруп коюу коркунучу жогору. Анткени азыркы бийлик 30 жыл мурунку тендерлерди текшерип жатат. А  беш жылдан кийин президентти баш кылып түрмөгө камабасына ким кепилдик бере алат?»

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети үчүн азыркы заманга төп келген имарат керек деген ойдо.

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна Ак үй курулуп жатканы деле туура, себеби, резиденциянын жаны. Анын курулушу менен шаар машина тыгындардан бошоп калат. Анан эми 16 гектар жерди алмашуу жолу менен дегенге атайын мыйзам бар мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү боюнча. Ошонун бир түрү — алмашуу жолу. Бул жерде убакыттан утуп жатабыз. Себеби курулуш компаниясы ишти дароо эле баштап жатпайбы. Андан тышкары ошол 16 гектар жерге өзүнчө микрорайон түшкөнү жатпайбы. Ошондуктан алдыга жылуу керек. «Тигил болбойт, бул болбойт», — деп отура берсек да болбойт. Коңшу өлкө Тажикстанды эле карап көрө турган болсок, алардын президентинин имараты технологиялык, коопсуздук жагынан баарын эске алып салынган. Мындай карап көрсөк, коңшуларыбыз ордосун деле көчүрүп жатпайбы, ошондуктан туура эле чечим болду деп эсептейм».

TS-Group — Кыргызстанда негизинен көп кабаттуу турак үйлөрдү, бизнес борборлорду курган компания. 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. Коомчулукта аталган курулуш компаниясы мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык экени, TS деген кыскартуу а кишинин аты-жөнү экени айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM