Биз менен байланышыңыз

Саясат талдоочу Марат Казакпаев ооруканада каза болду

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 918 | 0

Саясат талдоочу Марат Казакпаев комадан чыкпай, ооруканада каза болду. Бул бүгүн, 10-июнда белгилүү болду.

Марат Казакпаев 9-июнда эс-учун жоготуп, «Тез жардам» менен Бишкек шаарындагы №1 ооруканага жеткирилген. 

Казакпаевдин жубайы ага медициналык жардам өз убагында берилбегенин айтып чыккан. Аны абакта кармоо шарттарына нааразычылыгын билдирип, 2021-жылдын 4-майында да ошол кездеги омбудсмен Токон Мамытовдун наамына арыз жазган.

Анын негизинде Токон Мамытов Марат Казакпаев жаткан абакка барып, андан кабар алган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев бир катар жагдайлар жана ден соолугу боюнча даттанган. Айтылган маселелер боюнча чара көрүүнү талап кылып, Акыйкатчы институту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ошол жылдын 31-майында кат жөнөткөн.

Бүгүн, 10-инюда Акыйткатчы институту бул арыздын негизинде текшерүү жүргүзө баштаганын билдирген.

УКМКнын тергөө абагына камакка алынган саясат талдоочу 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кардиологияга жаткырууга негиз болбогондуктан кайра абакка алып келинген.

Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM