Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 474 | 0

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал ошол убакта тышкы күчтөр, ички сепаратисттер, өлкө келечегине көрө албастык кылган душмандар бөлүп-жаруу аракеттерин жасашканын айтты.

«Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук«, — деди Садыр Жапаров.

Президент ошол оор күндөрү өлкөгө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, эл аралык коомчулукка ыраазылык билдирди.

Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу керектигин, улуттук саясатты жүзөгө ашырууда абдан кылдаттык зарылдыгын белгиледи.

«Кыргызстанда кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун – баарыбыз бардык улуттун маданиятына, үрп-адат, каада-салтына аяр мамиле жасоо керектигин эгерим эстен чыгарбашыбыз керек. «Ынтымагы бар элдин – ырыскысы мол болот» дейт элибизде, мындан ары  кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек. Кыргызстаныбыздын кызыл байрагынын астында башыбызды бириктирип, өлкөбүздү алга сүрөшүбүз зарыл», — деди Жапаров.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM