Биз менен байланышыңыз

Коргонбай уулу Ноокат жолу боюнча: Эл митингге чыкканга даяр болуп калды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 259 | 0

Ош-Баткен-Исфана жолунун Ноокат районундагы тилкесин (28-75-чакырымын) оңдоп-түзөө иштери жакынкы айларда башталары жыл башында айтылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин баштала элек. Эми күзүндө баштала турганы айтылып жатыптыр. Мындай пикирин парламенттин бүгүкү жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жолдун курулушу качан баштала турганы белгисиз бойдон калууда.

«Ноокат жана Баткен эли ушул күнгө чейин сабырдуулук менен күттү. Азыр эл митингге чыкканга даяр болуп калды. Долбоорду япониялык JICA уюму утуп алган. Биздин бюджеттен акча кетпей жаткандан кийин өкмөт чуркап, процессти батыраак ишке ашырбайбы. Кышында жазда башталат деди эле, эми Транспорт министринин орун басары күздө башталат деп айтыптыр. Эми элди кайра-кайра эле «упчу эмдирип» алдай беребизби?» — деди ал.

Ошондой эле ал төрага Талант Мамытовго кайрылып, тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүсүн сунуштады.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75-чакырымын) асфальттоого жумшала турган каражатты 2016-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.

Алына турган кредиттин суммасы болжол менен 116,47 млн долларды түзөт, мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен болжол менен 16,88 млн доллар бөлүнөт.

2019-жылы баштала турган иштин 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги пандемияга шылтап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM