Биз менен байланышыңыз

Президент УКМКнын машыгуу борборунун ачылышына катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 1713 | 0

Бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш салтанаты өттү. Ага президент Садыр Жапаров да катышты.

Өлкө башчысы салтанатта коопсуздук кызматкерлерин куттуктап, дүйнөдө жана өлкө чегинде болуп жаткан ар кандай кырдаалдар куралдуу күчтөрдү чыңдоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып жатканын белгиледи. Ушул максатта заманбап курал-жарак, атайын техникалар алынып жатканын айтып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн эл аралык талаптарга жооп берген окуу-машыгуу борборун уюштуруу зарылдыгы келип чыкканын билдирди.

Андан соң борбордун административдик имаратын көрүп, жанына көчөт отургузду. Ошондой эле күжүрмөн топтордун аскердик даярдыктары, курал-жарагы, казармасы менен таанышты.

Copyright © 2017 Maral FM