Биз менен байланышыңыз

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев кызматынан кетти

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 598 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мадамин Каратаев 2018-жылы 21-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.

2021-жылдын 21-апрелинде бул кызматтан бошотулуп, 22-апрелде Улуттук фтизиатрия борборунун директорлугуна бекитилген.

Анын орун басарлыктан кетишин министр Алымкадыр Бейшеналиев «кызматтагы келишпестик» деген жүйө менен түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM