Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы тынч. Жарадар аскерлер Бишкекке алып келинди

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 1683 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

«Түн тынч өттү. Чек арачылар абалды тыкыр көзөмөлдөп турушат», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, кечээ, 3-июнда Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн. Кыргыз тарап чек арадан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок тажик аскерлери талапка баш ийбей, кыргыз аскерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Атышуу саат 14:15те токтогон. Андан эки кыргыз аскер жарадар болуп, Баткен шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып, ок тийген кыргыз аскерлеринен кабар алып, аларды Бишкек шаарына которушарын билдирген.

УКМК жарадар аскерлер атайын тик учак менен Бишкекке алып келингенин бүгүн, 4-июнда кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM