Биз менен байланышыңыз

Суу чечекке чалдыккандар көбөйүүдө: Кантип сактануу керек?

Коом | 3 Июн 2022 | 2033 | 0

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда суу чечек менен ооругандардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жети эсе көбөйдү. Төрт айдын ичинде 7 миң 495 суу чечек оорусу катталган. Ал эми 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 972 адам ооруганы аныкталган. Дартка чалдыккандардын басымдуусу — 14 жашка чейинки балдар. Илдеттин көбөйүү себептерин, кооптуулугун жана сакаюу жолдорун адистер айтып беришти. 

Суу чечек (ветрянка) оорусу — териде жана былжыр челдерде майда бүртүк түрүндө пайда болгон аба аркылуу жугуучу курч вирустук инфекция.

Илдетке көп учурда балдар чалдыгып, бирок алар жеңил өткөрөт. Ал эми чоң кишилерде сейрек учурайт. Кокус чоң адам дарт жугузуп алса, өтө оор болуп, кыйналып калышы мүмкүн. Ошол эле учурда ооруган адамдын организминде илдетке туруктуу иммунитет пайда болуп, кайталап оорубайт.

35 жаштагы Гүзел Муратбекова жакын арада суу чечегинен сакайып чыкты. Инфекцияны кызы бала бакчадан жугузуп келген. Балдарыныкы жеңил өтүп, өзү оор кыйынчылыктарга тушуккан.

«Башым катуу ооруп, сөөгүм сыздап, бир жумача төшөктөн тура албай калдым. Ошол эле мезгилде балдарым да ооруду, бирок алар кичине болгондуктан ойноп эле жүрүштү. Менин таанышым да бул илдетке чалдыкты. Ал катуу ооруп, көтөрө албай, капельница алып жүрдү». 

Кыргызстанда суу чечегине каршы вакцина жок. Себеби бул — жеңил түрдө өтө турган, адам баласы бир гана жолу чалдыга турган оору. Бул тууралуу Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева билдирди. Ал эмне себептен бул оору көбөйүп жатканын түшүндүрдү.

«Биз мурдагы калыбыбызга, тагыраагы, коронавирустук пандемияга чейинки абалга кайтып келгенибизден бул инфекция көбөйө баштады. Себеби 2020-2021-жылдары чектөөлөр киргизилип, баары үйдө отуруп, карым-катнаш болгон жок. Ошондуктан буга чейин бул оорунун көрсөткүчтөрү төмөн болуп жаткан».

Медицина илимдеринин кандидаты, инфекционист Дамира Чыныеванын билдиришинче, башка өлкөлөрдө суу чечегине каршы вакцина бар жана бардык жаран эмдөөдөн өтүп турат.

Бул оору «жеңил» деп айтылганы менен өөрчүп кетсе, өтө оор кесепеттерге алып келерин белгиледи дарыгер.

«Бул ооруну «жеңил» деп айтабыз, бирок андай эмес. Мунун оор түрү адамды майып да кылып коюшу мүмкүн. Мисалы, энцефалит, менингит сыяктуу оор түрлөрүнө өтүп кетсе, бейтап бир топ жапа чегип калат. Денеге чыккан ысытмаларды тырмаса, ириңдеп, андан улам башка ооруларды пайда кылып коёт. Ошондуктан бул жөнөкөй оору эмес. Кош бойлуу аялдар жыйырманчы жумага чейин суу чечеги менен ооруп калса, анда ичиндеги баласы чарчап калышы мүмкүн. Ушул сыяктуу бир топ көйгөйлөр бар. Буларды эске алганда биздин өлкөгө да суу чечегине каршы вакцина керек».

Суу чечек оорусунун алгачкы белгилери инкубация мезгилинен кийин пайда болот. Вирус адамдын денесине киргенде жети күндөн жыйырма бир күнгө чейин козголбой жүрө берет.

Көпчүлүк учурда оорунун баштапкы көрүнүшү 3-7 күн бою сакталып турат. Илдеттин белгилери: бейтаптын сөөгү сыздап, башы катуу ооруйт; дене табы көтөрүлөт; уйкусу качып, табити жоголот. Муну менен катар денесинин чоло жери калбай кызыл бүртүкчө каптап, ал акырындап исиркектеп (ыйлаакча) кетет.

Суу чечегине чалдыккан бейтаптар кантип дарыланышы керектигин инфекционист Чолпон Идирисова айтып берди.

«Денедеги ысытмаларга (исиркек) «зелёнка» сыйпап туруу керек. Себеби бул ысытмалар жарылганда суу чыгат, ал эми ичине инфекция кирип кетиши мүмкүн. Дарыларды ичкенге болбойт. Дене табы аябай көтөрүлүп кетсе, парацетамол берип койсо болот. Жуунганга жана сыртка чыкканга болбойт. Диета кармоо керек. Таттуу жана цитрус жемиштерди жегенге уруксат эмес. Суюктукту көбүрөөк ичүү керек».

Адистердин маалыматында, ар бир инфекциялык оорунун пайда болуу, таралуу толкундары болот. Мисалы, гепатит төрт жылда, кызылча беш жылда, ал эми суу чечеги төрт жылда жапырт кайталанып турат. Оорунун алгачкы белгилери байкалары менен дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM