Биз менен байланышыңыз

Альянсчылар «билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулады

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 201 | 0

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаттары 3-июндагы жыйынында Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун карашты. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, илимий-академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жеке жана мамлекеттик окуу жайлардын директорлору, «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Жыйында билим берүү тармагындагы эксперт Асылбек Жооданбековдун, ошондой эле KG Analytics коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Гүлнара Каликованын баяндамалары угулду.

Талкууда депутаттар көп тилдүү жана инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу, окуу китептерин өркүндөтүү, маалымат технологиялары боюнча адистерди даярдоо жана башка көптөгөн артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Депутат Жанарбек Акаев алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу керектигине токтолуп, дүйнө жүзүнө Финляндиянын окутуу системасына көңүл бурду. Анын айтымында, аталган окутуу системасы ваучердик каржылоо ыкмасына негизделген.

«Сапаттуу билим берүү аркылуу адам ресурстарын өнүктүрүү ар бир мамлекеттин милдети жана аны өнүктүрүүнүн негизги фактору. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн жарандык коом институттары менен аракеттерди бириктирип, ар тараптуу диалогго ачык болушубуз керек», — деди Акаев.

Депутат Эмил Жамгырчиев балдарды мектепке чейинки билим берүү системасына камтуу маселесин көтөрүп, бул көрсөткүч болгону 23% экенин белгиледи. Ал ишкерлер жеке бакчаларды ачуу менен маанилүү иштерди аткарып, мамлекеттин ишиндеги боштукту толтуруп жатканын белгилеп, буга байланыштуу жеке бала бакчаларды ачууга ыңгайлуу шарттарды түзүп, аккредитация сыяктуу тоскоолдуктарды алып салышы керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM