Биз менен байланышыңыз

Быйыл тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, 185 жаран жабыркаган

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 470 | 0

Кыргызстанда жыл башынан бери тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, 185 жаран жабыркаган.

Бул тууралуу 3-июнда өткөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана алиментардык оорулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысы Азамат Имакеев билдирди.

Анын ичинен массалык уулануу боюнча 5 учур катталып, алардан 117 адам жабыркаган.

Ысык-Көл облусунда апрель айында «Алиппе» майрамы күнүнө арналган иш-чарада мектеп окуучуларынын арасында биринчи массалык уулануу катталган. Учурда окуучулардын абалы жакшы экени айтылды.

1-майда Ош облусунда (56 адам жабыркаган), 5-майда Бишкек шаарында (11 адам жабыркаган), 10-майда Сүлүктү шаарында (34 адам) катталган.

Имакеевдин айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын сактоо мөөнөтү, сактоо шарттары боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, материалдар ИИМге өткөрүлүп берилди.

Жапырт ууланууну жараткан жагдайлар жана андан сактануу жолдору

Copyright © 2017 Maral FM