Биз менен байланышыңыз

Жапырт ууланууну жараткан жагдайлар жана андан сактануу жолдору

Коом | 13 мая 2022 | 879 | 0

Жыл сайын күндүн ысышы менен тамактан уулануу, айрыкча жапырт уулануу көп каттала баштайт. Быйыл да май айынын башынан бери үч жолу жапырт уулануу катталды. 8-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы кафелердин бириндеги кыз узатуу тоюна барган 32 адам ууланган. Анда палоо кафеде басылганы, ал эми салаттарды той ээлери үйүнөн алып келгени маалым болду. Бул боюнча кафенин ээсине 15 миң сом айып пул салынган. Жапырт уулануунун себептерин жана андан сактануу жолдорун тиешелүү адистерден сурап көрдүк.  

5-майда Бишкек шаарындагы «Эл эмне жейт?» тез татым түйүнөн 11 адам шаурма жеп ууланган. Алардын арасында Султан да болгон. Ага чалганыбызда учурда дарыланып жатканын, абалы оңолуп келатканын, эми тез татым жайдын тамагынан оолак болорун айтты.

«Ооба, мен баягыда шаурмага ууланып калдым. Досум экөөбүз жумуштан кийин шаурма жегени барганбыз. Негизи ал жерден биз дайыма эле тамактанчубуз. Эмнеге мындай болгонун билбей калдым. Ошол күнү, кийинки күнү аябай ооруп, дене табым көтөрүлүп, куса баштадым. Анан досум да ооруп калганын айтты, ошондо ууланганыбызды түшүндүк. Мен ооруканага бардым, ууланганымды дарыгер тастыктап, дары-дармек жазып берди. Эки күндөн кийин башкалардын да шаурмага ууланганы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Өтө этият болуп, мындан ары шаурма жебейм деп чечтим, башкаларга да сунуштабайм».

Тамак-аштан уулануу жыл сайын күн жылыгандан тарта көбүрөөк катталат. Жапырт уулануу болгон учурларда атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, себептери аныкталат. Ага жараша факты катталган жайга айып пул салуу, имаратын жабуу сыяктуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн дарыгери Назгүл Абамуслимова билдирди.

Айта кетсек, Кыргыз Өкмөтү 2018-жылдын 17-декабрында «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Анын негизинде коомдук тамактануу жайларын текшерүү, көзөмөлдөө Экономика министрлигинин уруксаты менен гана жүргүзүлүп турган.

2021-жылдын 23-24-октябрында «Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жеген 120 адам ооруканага түшкөн. Мындан улам бийлик айтылган токтомду жокко чыгарган.

Ага ылайык, эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тамактануу жайларды пландык жана пландан тышкары текшере алат. Ошол эле учурда эгер жапырт уулануу катталса, эч жакка кайрылбай түз барып, изилдөө жүргүзүү укугуна ээ.

Пландан тышкаркы текшерүүлөр учурда да жүргүзүлүп жатат. Анда мыйзамды, эрежени бузуулар катталып жатканын айтты дарыгер Назгүл Абамуслимова.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Анын негизинде абдан көп мыйзам, эреже, укук бузуулар аныкталып жатат. Укук бузуу кодексинин негизинде тиешелүу чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле текшерүү учурунда аныкталган тамак-ашы кооптуу делген жайларда алуу үчүн чаралары көрүлүп, иштер алып барылууда».

Коомдук тамактануучу жайлардагы мыйзам бузууларды текшерген «Не сахар» долбоорунун алып баруучусу, көз карандысыз журналист Умар Даданов төрт жылдан бери бул жагдайды болтурбоого каршы күрөшүп келе жатышканын айтып, жапырт уулануунун себептерине токтолду.

«Эмнеге кыргыз эли таза тамактанууга татыктуу эмес?» — деген суроо мени дайыма тынчсыздатып келет. Уулануулардын эң негизи себеби: санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун шалаакы мамилеси. Анткени алар кафе-ресторандарды текшерип, ишкерлер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, жаба тургандарды жаптырса, мындай абал болбойт болчу. Азыркы тапта Жугуштуу оорулар ооруканасына тамактан ууланган кичине балдар көп түшөт. Бизге күндө ата-энелер чалып кайрылышат. Биз анан күнгө-түнгө карабай барабыз, болгон жардамыбызды көрсөтөбүз». 

Ал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору факты катталгандан кийин гана кыймылдай баштаарын айтып, профилактикалык чаралар такыр көрүлбөй жатканына нааразы болду.

Мындан сырткары кафе-ресторандар, тез татым жайлар 2-3 жыл туруп калган азык-түлүк менен тамак жасашарын, өлкө боюнча дээрлик бардык тамактануучу жай санитардык талапка жооп бербесин, айып пулдун өлчөмү ашып кетсе, 17 миң сом экенин сындады.

«Менде маалыматтар жана далилдер бар. Орусиядан жараксыз болуп таштандыга ыргытылган товарды Кыргызстанга алып келип, жарактуулук мөөнөтүн кайра басып, жаңылап сатыкка чыгарышат. Санэпид көзөмөлдөө борбору ушул жагын да карашы керек болчу».

Медицина илимдеринин кандидаты, инфекционист Дамира Чыныеванын билдиришинче, тамактын туура эмес сакталышынан ууланып, ооруканага түшкөндөр көп. Өзгөчө жай мезгилинде байкабай калып, ачып кеткен тамакты жеп алгандар арбын болот. Ал күн ысыкта кайсы азыктарды жегенден этият болуу керектигин айтып берди.

«Уулануу көбүнчө эт, сүт азыктарынан, ошондой эле торт, пирожныйлардан, майонез, сметана кошулган азыктардан болот. Булардан этият болуу керек. Тойлордо майонез кошулган салаттар даярдалат эмеспи. Эгер коноктор келип отурганда салатты аралаштырып, столдун үстүлөрүнө койсо жакшы. Бирок бизде андай эмес. Салаттарды коноктор келгиче эле даярдап коюп коюшат. Ысыкта алар бузулуп келет. Ошондуктан уулануулар көп болуп жатат».

1-майда Кара-Суудагы «Сахобат» цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган.

5-майда Бишкектеги «Эл эмне жейт?» тез татым түйүнүнөн шурма жеген 11 адам ууланган.

8-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы кафелердин бириндеги кыз узатуу тоюна барган 32 адам ууланган.

Санэпидкөзөмөлдүн адистери «Эл эмне жейт?» тез татым түйүнүнө 13 миң сом айып пул салып, уулануунун себеби лабораториялык изилдөөдө аныкталганга чейин жапты.

Ал эми Сүлүктү шаарындагы кафенин ээсине 15 миң сом айып салынган. Учурда уулануунун себебин аныктоо иши жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM