Биз менен байланышыңыз

БАЭ Кыргызстандын кайсы тармагы менен иштешүүгө кызыкдар?

Коом , Саясат | 2 Июн 2022 | 1722 | 0

Ушул күндөрү Бишкекте иш сапарда жүргөн Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри баштаган өкүлчүлүк Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы, экономика министри, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Бүгүн БАЭнин бизнес өкүлчүлүгү «АЮ-Холдинг» ишканасына барышты. Анда компаниянын жүргүзгөн иши туурасында маалымат берилип, ири көргөзмө уюштурулду. Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү 3-4 эсе көтөрүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлери биринчи жолу келди.

Бүгүн Дубайдагы «ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө катышкан Кыргызстандын компаниялары таанытым жасашты. Анткени араб ишкерлери ушул компанияларга кызыгуусун билдирип, Бишкекке келип кетүү чакырыгын кабыл алышкан.

Араб ишкерлери жергиликтүү бизнес өкүлдөрүнүн экологиялык таза өндүрүмдөрү тууралуу кененирээк маалымат алып, кээ бирлери менен келишим түзүү боюнча макулдашты.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бактияр Мухамедзиев бүгүнкү иш-чаранын негизги максатын айтып берди:

«Биз ата мекендик өндүрүштү колдоо жана араб ишкерлери менен биргелешкен ишканаларды түзүү максатында бүгүнкү көргөзмөнү уюштурдук. Биз азыр инвестиция тартуу жөнүндө айткан жокпуз. Анткени биринчи кезекте ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдошубуз керек. Жергиликтүү бизнесмендерге жардам берип, алардын товарларын тышкы рынокторго чыгарууга көмөк көрсөтүп, ушул багытты өнүктүрсөк, андан кийин гана инвестиция тууралуу сөз кылсак болот».

Көргөзмөдө 100гө жакын компания катышып, өндүрүмдөрү тууралуу баяндама жасашты. Андан соң эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, пикир алышты.

Таластык ишкер Улан Тазабеков буурчактан буурчак пастасын, токоч жасайт. Ал экологиялык жактан таза жана пайдалуу азыктарын БАЭнин базарына да чыгарууну каалайт.

«Бизде азыркы тапта брендге айланып калган Таластын буурчагын кайра иштетип, андан паста (фасолевая паста) жасап чыгарабыз. Ошондой эле ак токоч да өндүрүп жатабыз (фасолевое печенье). Дагы 11ге жакын өндүрүмүбүз бар. Азыркы тапта таңгакталган кара өрүк чыгарып жатабыз. Аны кургатып, стерилизациядан өткөрүп, таңгактап, дүкөндөргө сатыкка чыгара баштадык».  

Бириккен Араб Эмираттарынан келген өкүлчүлүк негизинен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдар экенин айтышты.

БАЭден келген ишкер Рашед Саиф Аль Бедвави Кыргызстандын туризм тармагына кызыкканын айтты. Туризм тармагы эки өлкөнүн ортосунда чоң көпүрө болуп, көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачып бере алат деген ойдо. Ошондой ишкер кызматташа турган башка багыттарды жана аларды ишке ашыруу жолдорун атады.

«Экинчи багыт: Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын экспорттоп, кызматташсак болот. Мисалы, БАЭнин базары бул жактан чыккан өндүрүмдөргө өтө муктаж. Кургатылган болобу же таңгакталган болобу, айырмасы жок, бардык түрдөгү азыктарга муктажбыз. Андан тышкары соода-сатык тармагында кызматташсак болот. Туризм тармагында да сөзсүз кызматташуубуз керек. Мисалы, Ысык-Көлдүн жээгинеби же бийик тоолордобу, эс алуучу жайларды, мейманкана, ресторандарды ачсак болот. Ошондой эле кышында лыжа базасын курсак болот».

БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Абдулла М.Аль-Мазруи жалпы делегациянын атынан бул көргөзмөдөн кызыктуу жана жаңы нерселерди көрүп, үйрөнгөнүн белгиледи. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Араб Эмираттарынын текчелеринде, соода борборлорунда сатыкка чыгарыларына үмүттөнөрүн айтты.

«Мен азыр аябай толкунданып турам. Баары жакшы болду. Көп жаңы нерселерди көрүп үйрөндүк. Жылуу сезимдерге ээ болдук. Мунун алкагында чоң долбоорлор ишке ашат жана сиздердин азыктарыңар БАЭнин соода борборлорунда сатыкка чыгарыла баштайт деген үмүттөмүн». 

Президент Садыр Жапаров 2-июнда БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушту.

Анда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Кыргыз-Эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи отуруму ишкерлер кеңешинин жыйыны ушул жылдын аягына чейин биргеликте өткөрүлөрү айтылды.

Тараптар Кыргызстандын суверендүү фондун түзүү, эмират-кыргыз инвестициялык фондун жана БАЭде инвестиция тартуу борборун түзүү боюнча иштерди баштоону макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM