Биз менен байланышыңыз

Кайым айтышуу менен коштолгон Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күн

Саясат | 2 Июн 2022 | 1722 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүк күн уюштурулуп, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип маалымат беришти. Күн тартибине төрт ишкананын Санарип министрлигине өтүшүнүн мыйзамдуулугу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердиги жана Билим берүү министрлигинин тармактык реформалоо пландары жана акыркы маселелер коюлду. Ошондой эле Баткендеги чек ара боюнча маселелер каралды. Жыйын учурундагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун айтышы коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйыны танапистен кийин кызуу уланды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттарга акыркы аткарылып жаткан иштер жана жаралган маселелер боюнча маалымат берүү үчүн келишти. Алгач УКМК төрагасына сөз берилип, ал өз кызматкерлерине парламенттик трибунада көө жабылып жатканына нааразы болуп, эч негизсиз, далилсиз каралоого депутат Адахан Мадумаровду күнөөлөдү.

Ошол учурда залда отурган депутат Адахан Мадумаров ага жооп кайтарып, далилдерди талап кылды. Бирок микрофон болбогондуктан анын сөздөрү жакшы угулган жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровдун ким менен кайсы жерде эмне иш кылары боюнча маалымат бере турганын эскертип, керек болсо камай турганын жарыялады.

«Депутат Адахан Мадумаров парламенттин трибунасынан туруп алып, «УКМК кызматкерлери элдин канын соруп, жон терисин шылып жатат» деп айтууда. Ал эч негизсиз, далилсиз эле өзүнүн саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат. Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, азыр айткандарыма фактыларды келтирем. Ким менен кайсы жерде эмне кылып жүргөнүңүздү, кайсы контрабандачы сизге аш кылып берип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Сиз унчукпай туруңуз, маданиятыңыз барбы же жокпу?»

Ал ортодо төрага Талант Мамытов тараптарды тартипти сактоого чакырды. Кошумчалай кетсек, Адахан Мадумаров жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары 13-майда Лейлек районунда көчмө жыйын өткөрүп, эл менен жолугушкан. Сапардын алкагында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер менен чек ара аймактарында көчмө жыйын өткөргөн. Мына ошол жолугушуулардын биринде УКМКнын Баткендеги өкүлдөрү Мадумаров менен жолугушуудан баш тартып, качып кеткенин сынга алган.

Ошондой эле Мадумаров парламенттин кеээки жыйынында Лейлек районунда жер семирткичтер дыйкандарга жетпей жатканын сынга алып, бийлик «дыйкандардын канын ичип жатканын» айткан.

Маселе «Развилка» постунда кармалып турган жер семирткичтин (селитра) посттон өткөрүлбөй жатканы болгон.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Камчыбек Ташиевдин айткан сындарына жооп берүү үчүн фракциянын 10 мүнөтүн сурады. Эки жолку добуш берүүдөн кийин гана мүмкүнчүлүк алды. Ал Ташиевдин аны камай албасын, буга чейинки сындардын баары фактынын негизинде айтылганын билдирип, аткезчиликке шектелген жарандарды жоопко тартууну талап кылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жер семирткичтер Лейлек районунда жетиштүү экенин айтып, аны алуу жолдору боюнча маалымат берди.

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин депутаттары менен Министрлер кабинетинин ортосунда тиреш жүрүп жатканын белгилеп, Ташиевди парламентке келип урушуп кетпөөгө, эки тарапты ынтымактуу иш алып барууга үндөдү.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди мактады. Ал УКМКнын дарегине сын айткан кесиптештерине кайрылып, Камчыбек Ташиев эл ишенген генерал экенин, депутаттардын үчтөн бири Ташиевдин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар болорун эске салды. Ага теңелип, эртең «буттары сынып калбасын» эскертти.

«УКМКнын да жакшы иштерин айтышыбыз керек. Бюджеттен бир сом кетирбей, 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн жаңыдан куруп, оңдоодон өткөрүп жатышат. «Байрактар» аскердик техникасын алып келгенин эмнеге айтпайсыңар? Коопсуздук жагын катуу көзөмөлдөп жатышат. Карап отурсам, сындаганга өтүп алдыңар».

Депутат Камила Талиева да сөз сүйлөп, 2-3 министрдин өтө эркелеп, ишин жөндүү алып барбай жатканы жалпы элге кооптуу болорун айтты. Ошондой эле айтышты токтотуп, маанилүү маселелерди көтөрүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM