Биз менен байланышыңыз

Балдар күн сайын майрамдагыдай маанайда жүрүшү керек

Коом | 1 Июн 2022 | 850 | 0

Бүгүн Балдардын коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Өлкөдө бул күнгө өзгөчө көңүл бурулуп, жыл сайын жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бирок башка күндөрү балдарды коргоо маселеси унутта каларын айтышып, сындагандар да жок эмес. Балдардын укугун коргоо күнүнүн мааниси, балдардын маанайы тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Балдардын бүгүнкү майрамы мамлекет башчынын куттуктоосу менен башталды. Президент Садыр Жапаров өз куттуктоосунда бардык жеткинчекти акылдуу, чынчыл, боорукер жана мекенчил болууга үндөдү.

Ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу да сөз козгоп, баланын адам болуп чыгуусу үчүн татыктуу тарбия берүү зарылдыгын айтты. Президент мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын белгилеп, баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин кошумчалады.

Ал Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышып, ар кайсы өлкөдөн келген балдар менен баарлашты.

«Наристе курак баарыбызга жылмаюу менен балалыгыбызды эске салып, өзүнчө бир жылуу сезим тартуулайт. Бул — ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү тепкич. Сиздерди чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актёрдук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турат. Биз, ата-энелер, ар бириңер үчүн жүрөгүбүз менен күйөбүз. Ушундай нур жүздүү, ажайып өнөрлүү балдарыбыз бар жашообуз бейпил, элибиз тынч, өлкөбүз өнүгүү үстүндө деп көңүлүбүз куунак болот. Силердей таланттуу балдар менен кайсы убакта, кайсы жерде болбойлу, биз абдан сыймыктанабыз».

КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев балдар бир жылда бир күнү гана эмес, күндө коргоого муктаж болорун белгилейт. Ал ар бир балага ата-эненин мээрими, сүйүүсү, улуулардын камкордугу керектигин, ошондой эле мамлекет ар балага салым кошуп, анын келечеги тууралуу ойлонушу зарыл экенин айтат.

«Негизи эң бактылуу учур — бул ата-эненин акыл-насааты, мээрими, төрөлүп өскөн жериңдин берекеси.  Эгер өлкөдө тынчтык болсо, мамлекет балдардын эртеңи жөнүндө ойлонуп, жеткиликтүү деңгээлде шарт түзүп бере алса, анда бул өлкөнүн балдары эң бактылуу болот. Мен биздин балдарыбызга ушул нерсени каалайт элем».

«Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева рак менен ооруган балдарга көмөк көрсөтүп келет. Ал бул күнү бийликтин эки жүздүүлүгү көрүнүп каларын айтууда. Ага канчалаган бала түрдүү, оор илдеттерге чалдыгып, жапа чегип келе жатканын мисал келтирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда кыйналып өсүп жаткан балдарга мамлекет тарабынан жардам берилбей, дары-дармек, тийиштүү каражат бөлүнбөй келет.

«Бүгүн баары бири-бирин майрамы менен куттуктап жатышат. Ал эми балдар биздин коомдогу эң аялуу катмар бойдон калууда. Алар иштешет, ачка калышат, зомбулукка кабылышат. Катуу ооруп жаткан балдардын ата-энелери дарылоого эмес, диагноз койдурганга акы төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Өлкөдө дарылоо протоколдору, дары-дармек жок. Адистер, тажрыйбалуу дарыгерлер жок. Оорулуу, майып балдар үчүн коомдо аралашып жүрүүгө, мектепте окууга шарт жок. Канчалаган бала өмүрүнө керектүү болгон дарыларды ала албай жүрөт. Албетте, мунун баарына көз жумганда бүгүн майрам. Өкмөт адамдары концерттерге барып, өз майрамында алар үчүн бийлеп-ырдап жүргөн балдарды куттуктамыш этип коюшат».

Адистер мамлекет балдардын укугун коргоого багытталган иш-планын бекитип, комплекстүү чараларды көрүшү керектигин эскертип келишет. Балдарга бир эле күнү эмес, күн сайын кам көрүп, өзүн коопсуз, бактылуу, эркин сезишине шарт түзүү зарыл.

Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылдын ноябрь айында Франциянын Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинде кабыл алынган. 1950-жылдан тартып белгилене баштаган.

Ал эми Кыргызстан «Балдар укугу жөнүндө» конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган.

Кыргызстандын 6,7 миллион калкынын 2,5 миллионун 18 жашка чейинки курактагы балдар түзөт. Анын ичинен майыптар 30 миңдин тегерегинде, бирок укук коргоочулар бул расмий көрсөткүч гана экенин, бейрасмий статистика мындан кыйла жогору экенин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM