Биз менен байланышыңыз

«Улуттук банктын ишин жөнгө салган мыйзам долбоорлору сынга кабылды

Саясат | 1 Июн 2022 | 1072 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланды. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мыйзамды кабыл алуу менен Улуттук банктын капиталы 2 млрд сомдон 4 млрд сомго чейин көтөрүлөрүн айтып, туруктуулукту камсыздай турганын белгиледи. Депутаттар валюта рыногунда болуп жаткан туруксуздук жана банктардын ишмердиги боюнча суроо жана сунуштарды беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев баяндама жасап, мыйзамдын долбоорунда Улуттук банктын укуктук статусу, иш максаттары, функциялары жана ыйгарым укуктары, иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздык кепилдиктери так аныкталганын белгиледи.

«Кыргызстандын Улуттук банкы жөнүндөгү конституциялык мыйзам долбоорунда Улуттук банктын укуктук статусу, укуктук негиздери, максаты, негизги милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана иш уюштуруу көз карандысыздыгы, негизги милдеттерин аткаруу боюнча жол-жоболор, банктар жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактар менен байланышы, Улуттук банкты башкарууну уюштуруу жол-жоболору каралат».  

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга конституциялык макам берүүгө болбой турганын билдирди.

«Биз жакшы эмес практикага түшүп алдык, ар бир мыйзамды конституциялык деп атап. Болгону төрт-беш гана конституциялык макамдагы мыйзам бар эле. Бирок акыркы учурларда туура эмес тажрыйба калыптанып бара жатат. Андыктан мыйзам долбоорунун конституциялык макамын алуу зарыл. Азыркы «Улуттук банк жөнүндө» мыйзам менен бардык нерсени бир колго мыкчып алган монополистке айланып жатасыздар. Милдет чоңоюп, жоопкерчилик кичирейип жатат. «Улуттук банк жөнүндө» мыйзамды керек болсо, жылына эки жолу өзгөртүп турууга Жогорку Кеңеште мүмкүнчүлүк болушу керек. А конституциялык макам алгандан кийин биз өзгөртө албай калабыз, көзөмөлдөн чыгып кетет».

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов мамлекеттик саясат менен Улуттук банктын саясатынын ортосунда шайкештик жоктугун белгилеп, бул жаатта олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенине токтолду.

«Баалардын туруктуулугун камсыз кылуунун» ордуна «Улуттук банктын негизи максаты: Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү» деп киргизүү керек. Акча, кредит саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин бир канча жолу көтөрдүм, бирок эмнегедир киргизилген жок. Бул — Улуттук банктын негизги максаты. Ушул максатка жараша башка аракеттери аныкталат. Булардын максаты биздин экономикабызды өнүктүрүүгө багытталбагандан кийин, демек, биздин өнүкпөй жатканыбыз ушундан болууда».

Жалалидин Нурбаев коомчулукта «Улуттук банк доллардын курсун көтөрүп, төмөндөтүп, пайда таап жатат» деген ойлор айтылып жатканын белгилеп, бул боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранды.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ага Улуттук банк пайда табууну көздөбөйт деген жообун берди.

«Бизде пайда табуу максаты жок, рынокту турукташтыруу максатында валюта рыногунда кескин өзгөрүү болгон учурда сатабыз жана керектүү учурда сатып алабыз. Бизде болгону турукташтыруу максаты бар».

Ошондой эле депутат Айбек Осмонов доллар менен келишим түзүп, насыя алууну каалаган ишкерлерге аталган валютада акча берилбей жатканын белгилеп, бул боюнча бир катар фактылар бар экенин маалымдады. Улуттук банктын төрагасы маселени иликтеп чыгууга убада берди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлүп, бирок кворум жоктугуна байланыштуу эртеңкиге калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM