Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан: Балдардын интернетти колдонуу маданияты калыптана элек

Коом | 31 мая 2022 | 1149 | 0

Балдарды коргоонун эл аралык күнү көп өлкөдө жыл сайын жайдын биринчи күнү белгиленет. Кыргызстанда да бул күнгө өзгөчө көңүл бурулуп, жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Бүгүн балдарды интернет зомбулугунан куткаруу боюнча талкуу өттү. Анда балдарды интернеттин терс жактарынан коргоого анчалык маани берилбей жатканы айтылды. Адистер акыркы убакта балдардын онлайн зомбулукка кабылган учурлары көп кездеше баштаганына тынчсызданышат. 

Форумда балдардын интернет колдонуудагы коопсуздугу өтө курч маселе болуп турганы көтөрүлдү. Себеби балдардын онлайн запкыга кабылган учурлары да бар. Бул боюнча сөз сүйлөгөн «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов дүйнөлүк статистикага токтолду. Анын айтымында, балдардын 80%ы интернет айдыңында өздөрүн коопсуз сезбейт. Ал эми ар бир үчүнчү бала кибербуллингге кабылат. Мындай кырдаалга тушуккан ар бир бешинчи бала мектепке барбай калат.

«Негизи Кыргызстанда интернет бат өнүгүп бара жатат. Көп жараныбыз, айрыкча, жаш балдар интернетке тынымсыз кошулуп жатат. Дүйнөлүк статистиканы карап көрсөк, ар бир үчүнчү колдонуучу жаш бала экен. Албетте, интернеттин коопсуздук маселеси абдан курч бойдон калууда. Биздин өлкөдө жаш балдар өздөрүн коопсуз эле сезишет экен, бирок дүйнөдө 80% бала өзүн коопсуз сезбейт. Ошондуктан менин оюмча, Кыргызстан интернетке тез кошулуп жатканына байланыштуу, бизде да бул маселелер курч боло баштайт».

Кибербуллинг адамды интернет аркылуу шылдыңдоо, намысына шек келтирүү, басым, кысым кылуу дегенди түшүндүрөт.

IT-адис Бакыт Абдышов кибербуллингдин балдарга таасирине жана кооптуулугуна токтолуп, андан сактануунун, алдын алуунун жолдорун атады. Ал бардык эле ата-эне баласынын кибербуллингге кабылып жатканын биле бербесин белгилеп өттү.

«Биринчиден, ар бир жаран аккаунт ачкандан кийин башкалар кире албай турган пароль коюшу керек. Экинчиден, смартфондо телефонду коргой турган тиркемелер бар, аларды көчүрүп, ыңгайлаштырып алса болот. Андан кийин телефон номуру, дареги сыяктуу жеке маалыматтарды эч кимге айтпашы, көрсөтпөшү керек».

«Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева кибербуллингге Кыргызстандагы балдар да кабыларын айтып, мындай окуянын кесепетинен бир бала жанын кыйганын эскерди.

«Биз Билим берүү министрлиги менен биргеликте балдардын кибербуллинг же коркутуулар аркылуу курман болгондоруна күбө болгонбуз. Биздин таанышыбыздын жалгыз баласы «Көк кит» деген оюндан өз жанын кыйган болчу».

Кендирбаева санариптик көндүмдөрдү туура пайдалануу боюнча чеберчилик сабактардын, окутуулардын жоктугунан көптөгөн бала интернет сазына батып жатканына кейийт.

«Албетте, интернетсиз жашоо мүмкүн эмес. Бул санарип диктатурасы ар бирибизге келди. Бирок ошонун пайдалуу, өнүктүрүүчүлүк жагын колдонууга ар бир баланын ата-энеси жоопкер мамиле кылышы абзел».

Кыргызстанда 7 миллионго жакын калк жашаса, 9 миллиондой гаджет пайдаланылат. Анын ичинен 15%ы гана пайдалуу маалымат алышат, калгандары агрессия жана башка терс көрүнүштөргө кызыгат.

Балдарды өнүктүрүү адиси Элиза Темирбекова телефон колдонуунун зыяны пайдасынан да көп экенин белгилейт. Балдардын өнүгүүсүнө, дүйнө таанымына гаджеттер менен интернет тескерисинче тоскоолдук жаратат деген пикирде.

«Бала гаджет, смартфон кармаганда анын кыймыл-аракети дээрлик азаят. Баланын мээси өөрчүшү үчүн ал тынымсыз кыймылдашы керек. Үч жашка чейинки баланын көбүрөөк кыймылдашына шарт түзүп беришибиз керек. Андан кийин чоң жана кичине моторикасын өнүктүрүү да баланын өөрчүшүнө чоң таасир этет. Мындан сырткары уюлдук телефондор баланын угуусуна да залакасын тийгизет. Себеби телефон аркылуу уккан үн менен жандуу үн аябай айырмаланат. Бала жандуу үндү укканда ооздун кыймылы менен салыштырып, шайкеш келтирип, анан сүйлөгөндү үйрөнөт».

Адистер 5 жашка чейинки балдарга телефон берүүгө болбой турганын, 12-14 жашында муктаждык жана мүмкүнчүлүккө жараша берсе болорун айтышты.

Телефондон көрө ата-эненин баласына китеп окуп берип, акыл-эсин өөрчүткөн жана ден соолугун чыңдаган оюндарды ойноткону алда канча пайдалуу. Ошондой эле ар бир баланын жаш курагына жараша мамиле кылуу керек.

БУУнун Балдар фондунун изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу интернет мейкиндигине кошулат. Ал эми M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60%ы интернетте өзүн коопсуз сезишет.

Copyright © 2017 Maral FM