Биз менен байланышыңыз

Ош: «Элим барсыңбы?!» фонду балдар үчүн тамак-аш жарманкесин уюштурат

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 625 | 0

Ош шаарынын мэриясы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Эртең саат 9:00дөн тарта калаадагы Алымбек Датка сейил багында балдар үчүн концерт, спорттук мелдештер, ар кандай көңүл ачуучу кечелер өткөрүлөт. Бул жерде «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун Оштогу бөлүмү балдар үчүн тамак-аш жарманкесин уюштуруп, ар бир бөбөккө балмуздак тартуулашат.

14:00дөн 16:00гө чейин Ош шаарынын спорт комитети «Дельфин» бассейнинде сууда сүзүү мелдешин өткөрөт. Ал ар кандай көңүл ачуучу программа менен коштолот.

Андан тышкары 15:00-17:00 аралыгында «Кыргызстан» кинотеатрында Б. Калмаматов атындагы академиялык гимназиясынын «Жемчужинка» бий тобу отчёттук концертин берет. Аны менен катар 17:00дөн 19:00гө чейин ЭлТР телерадио компаниясынын «Илим-билим» каналы «Бактылуу балалык» концертин тартуулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM