Ош шаарынын мэриясы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Эртең саат 9:00дөн тарта калаадагы Алымбек Датка сейил багында балдар үчүн концерт, спорттук мелдештер, ар кандай көңүл ачуучу кечелер өткөрүлөт. Бул жерде «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун Оштогу бөлүмү балдар үчүн тамак-аш жарманкесин уюштуруп, ар бир бөбөккө балмуздак тартуулашат.
14:00дөн 16:00гө чейин Ош шаарынын спорт комитети «Дельфин» бассейнинде сууда сүзүү мелдешин өткөрөт. Ал ар кандай көңүл ачуучу программа менен коштолот.
Андан тышкары 15:00-17:00 аралыгында «Кыргызстан» кинотеатрында Б. Калмаматов атындагы академиялык гимназиясынын «Жемчужинка» бий тобу отчёттук концертин берет. Аны менен катар 17:00дөн 19:00гө чейин ЭлТР телерадио компаниясынын «Илим-билим» каналы «Бактылуу балалык» концертин тартуулайт.