Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тестиер-өспүрүмдөрдүн жарышы өткөрүлөт

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 233 | 0

5-июнда «Ынтымак» сейил багында Shoro Kid’s Run тестиер-өспүрүмдөрдүн жарышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Саат 8:00-13:00 аралыгында өтө турган жарышка 2 жаштан 16 жашка чейинки бардык бала катышса болот. Ага tonus.kg сайты аркылуу же Фрунзе көчөсү, 300/3 дарегиндеги Change Fitness имаратынан каттала алат. Каттоо үчүн 1500 сом төлөм алынат.

Балдар жаш курактарына жараша төмөнкүдөй аралыкта чуркашат:

2-5 жаштагы балдар — 300 метр;

6-8 жаштагы балдар — 500 метр;

9-12 жаштагы балдар — 1 километр;

13-16 жаштагы балдар — 3 километр.

Жарыштан тышкары ар кандай оюн-зоок, кечелер уюштурулуп, балдарга майрамдык белектер берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM