Биз менен байланышыңыз

Коррупция менен күрөштүн жаңы стратегиясы иштелип чыкты

Саясат | 31 мая 2022 | 1889 | 0

Бүгүн, 31-майда Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин экинчи жыйыны болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, кеңештин мүчөлөрү, тиешелүү органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер катышты. Кеңеште негизги маселе катары өлкөдөгү коррупцияны жоюу үчүн жасалып жаткан кадамдар жана аракеттер талкууланды.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30 жылдан бери коррупцияга каршы күрөш жүргөнү менен коррупциядан толук арылууга мүмкүн болбой жатканын белгиледи.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүнүн таасирдүү жолу акча бергени да, алганы да жоопко тартылышы керек.

«Коррупция менен күрөшүүдө президент Садыр Жапаров үлгү көрсөттү десем жаңылышпайм. «Кумтөр» боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койду. Өз позициясында бекем туруп, чоң жеңишке жетишти. Бир кичинекей ишкана ачуу үчүн канчалаган каражат кетет, ал эми биз «Кумтөрдүн» бардык техникасына, архивине ээлик кылып калдык. «Кумтөр» бизге дагы көпкө кызмат кылат. Мындан ары «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги астында ири кендерди өзүбүз иштетебиз. Алтын дайыма кымбаттап, наркы өсүп турган ресурс, алтындуу өлкөлөр бай жашашы керек, буйруса, биз да жакшы жашайбыз. Салык тармагы коррупциядан акырындап арылып жатат. Жалпы элдин чекти талап кылуусу ишкерлердин чыныгы жүзүн жана байлыгын ачууда. Кыргызстан боюнча бардык шаар-кыштакка ККМ орнотуп жатабыз. Тартип ушинтип башталат, чектер менен далай чырлар ачылат. Далай ишкердин салыктан качып жүргөнү ачыкка чыгат. Светке «акылдуу эсептегичтерди» койдук эле, «светчи аке» менен жарандын ортосундагы коррупция бир топ азайды. Эмки кезек Бажы тармагында, аларда да коррупция күнүмдүк каражат табуунун кадимки системасына айланып калган».

Ошондой эле Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы катары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга чынчыл, ак ниет, коррупцияга аралашпаган, саясий коррупцияга каршылык көрсөтүүгө эрки жете турган кадрлардын дайындалышына болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова коррупцияга каршы күрөштүн түпкү пинциптерин камтыган стратегия иштелип чыкканын билдирди. Ал үчүн 5 жумушчу топ түзүлүп, 2021-2024-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун жазышкан.

Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова буларга токтолду:

«Мага стратегия абдан жакты, себеби үч бөлүккө бөлүп караптыр: мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы, укук коргоо жана сот органдарындагы, ишкердик чөйрөдөгү коррупция менен күрөшүү. Мурда декларация түрүндө гана калып кетсе, мунусунда ар бири так-таамай жазылыптыр. Мен абдан жактырып, бир-эки сунуш бердим. Себеби биз велосипедди ойлоп таппастан, кайсы өлкөдө коррупция менен күрөш жакшы жүргөн болсо, ошолордон үлгү алышыбыз керек. Коррупция менен күрөшүүдө кандай ыкмалар колдонулат, жеп-жуткандарды кантип жазалоо керек, ушул боюнча конвенция бар. Мен ошого өзгөчө көңүл буруп, сунуштарымды айттым». 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев коррупцияга каршы күрөш боюнча стратегия канчалык жакшы жазылбасын, негизи маселе анын аткарылышында экенин белгиледи.

«Менин баамымда, стратегиялар кооз сөздөр менен жазылган, негизги максат аткарылышында турат. Негизи эле теориядан практикага өтүшүбүз керек. Буга кошумча жазуу түрүндө сунуштарды берип, өзүбүздүн оюбузду айтабыз. Анын аткарылышына убакыт керек, ушул күндө президенттин колдоосу жакшы болуп турат. Аягына чейин ушундай турса, жыйынтык болот го деп ойлойм. Стратегия Кыргызстан боюнча жалпы, үстүртөн жазылган. Ич ара да майда-чүйдөсүнө чейин жазылышы керек. Менин жеке оюм боюнча, биринчи кезекте айыл өкмөт башчылардан, райондук деңгээлдеги башкармалыктардан баштоо керек.Эң жөнөкөй бала бакча, мектеп, ооруканалардан баштоо керек». 

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков бүгүнкү жыйынга президент Садыр Жапаров да катышса болмогун, экономиканы өнүктүрүү үчүн ишкерлердин пикирин президент өзү угушу керектигин белгиледи.

Аннын айтымында, ишкерлер арасында коррупция өзүнөн өзү жаралбайт, ал мыйзамдарга жана алардын аткарылышына байланыштуу.

«Коррупциянын баары мыйзамдарга жана алардын аткарылышына байланыштуу. Эгерде мамлекеттик органдар туура жана натыйжалуу мыйзамдарды жазса, анда коррупция деле болбойт. Мамлекеттик органдар тиешелүү иштерди алып барбаса, анда ишкерлерде да коррупциялык көрүнүштөр болот. Ошондуктан мен ишкерлерге шылтагандан алысмын. Ал мамлекетке байланыштуу, ишкерлер балыктай эле. Тереңдикти жакшы көрүшөт. Кайсы суу ыңгайлуу болсо, ошол жерге кете берет. Мыйзамдар менен иштөө ыңгайлуу болгон жерде ишкерлер ишин жүргүзө берет».

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин экинчи жыйынынын соңунда кошумча толуктоолордү киргизүүнү эске алуу менен резолюция кабыл алынды. Жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрү ар түрдүү сунуш-пикирлерин кат жүзүндө бермей болушту.

Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, бийлик менен жарандык коомдун натыйжалуу диалогуна шарт түзүү, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди коргоо, колдоо максатында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш өткөн жылдын июль айында түзүлүп, башкы катчылыгына Нурипа Муканова дайындалган. Өткөн жылдын 25-октябрында президент Садыр Жапаров кеңештин курамын бекиткен, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны 16-ноябрда президенттин катышуусунда өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM