Биз менен байланышыңыз

Казак президентинин капсула салуу менен коштолгон визити

Саясат | 26 мая 2022 | 1243 | 0

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул анын Садыр Жапаров бийликке келгенден бери Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары жана Кыргызстанга келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды. Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланышты күчөтүү жана чек ара аркылуу товар өткөрүү процессин жеңилдетүү  боююнча  макулдашышты. Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдер тууралуу төмөндө окуй аласыздар:

Бүгүн эртең менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жогорку деңгээлде тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаевдин кортежи милициянын коштоосу менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына келди. Казакстандын президентин Садыр Жапаров тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. Ардак кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Алгач мамлекет башчылары чакан чөйрөдө сүйлөшүүгө киришти. Анда кыргыз-казак мамилелерине жаңы дем берилери жана соода- экономикалык алаканын бекемделиши айтылган.

Казакстан менен Кыргызстан президенттери кеңири чөйрөдөгү жолугушууларында эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара алаканы талкуулашты.

Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракеттер менен эки тараптуу мамилелердин комплексин мындан ары да жогорулатууну камсыздай турган так түшүнүшүү бар экендигин билдирди.

«Бүгүн, мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгында биз өткөн жылдагы темпте кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүүгө жана бекемдөөгө, эл аралык аренада бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга ниеттенип жатабыз. Акыркы 30 жылдын ичинде кыргыз-казак достук жана өнөктөштүк мамилелеринин негизин түзгөн бир катар маанилүү келишимдер жана макулдашуулар кабыл алынып, бара-бара эки тараптуу мамилелердин позитивдүү потенциалы топтолду. Биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгара алдык».

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки өлкө ортосунда мамилелердин динамикалуу өнүгүүсү байкалып жатканын белгилеп, Казакстан керек болгон учурда Кырзыстанга ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-казак биргелешкен өз ара мамилени өнүктүрүүгө багытталган 10дон ашуу эки тараптуу документтерге кол коюлду. Өлкөлөр айыл чарба, экономика, билим берүү, маданият, транспорт, юстиция тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышыты. Мындан сырткары Ош, Ысык-Көл, Жалалабад облусунун губернаторлору кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Расмий иш сапардын соңунда Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүсүндө Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди.

 «Биз Өкмөттөрдүн алдына өз ара сооданын деңгээлин 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү, Биринчи Аймактар аралык форумду сапаттуу жана мазмундуу даярдап, өткөрүү, Кыргыз-Казакстан Ишкерлер кеңешинин ишин жандандыруу, биздин чек аралар аркылуу жүктөрдү алып өтүү механизмдерин андан ары өркүндөтүү жана башка маселелер боюнча милдеттерди койдук.  Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик».

Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Кара-Суу» (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.

Капсула салуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын Вице-премьер-министри — Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышты.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында гуманитардык маданий алаканы бекемдөө боюнча да бир катар пландар ишке ашырылган. Алсак, Казакстандын борборунда жана башка шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Ошондой эле 2022-2023-окуу жылына Казакстандын ЖОЖдоруна окууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн 50 квота бөлгөн. Ага кошумча Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалын ачылды. Мындан сырткары бүгүн кечинде Бишкектеги Театралдык паркына казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин эстелигин ачуу аземи өтмөкчү. Жакынкы арада Нур-Султан шаарында Улуу эпостун баатыр каарманы Манастын эстелигин ачуу пландалууда.

Түштөн кийин эки өлкө башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына видеоконференция аркылуу катышты. Анда президент «ЕАЭБди өнүктүрүү — бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс», — деп билдирди.

Эртең ЕАЭБдин Жогорку кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча баяндама жасалат.

Copyright © 2017 Maral FM