Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен АИС системасы

Коом | 24 мая 2022 | 776 | 0

Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда. Мигранттардык көбү чет өлкөдө жумушка орношууда жана иштөөдө бир топ көйгөйлөргө дуушар болушат. Мындан сырткары мигрант ата-энелер балдарын алыскы туугандарынын колунда калтырып кеткенде аларга карата зордук-зомбулук күчөгөнү байкалууда.

Буларды эске алганда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте чет өлкөгө мыйзамдуу иштеп кетүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылууда. Ал эми мигранттардын балдары мамлекет тарабынан камкордукка алынып, алардын акыбалына мониторинг жүргүзүлүп турат. Жумушка орношуунун онлайн системасы жана мигранттардын маселелери боюнча алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды.

Система кыскача «АИС» деп аталат жана бүгүнкү күндөн баштап иштей баштады.

Электрондук форматтагы кызматтар migrant.kg сайтында «мамлекеттик кызматтар» бөлүмүндө АИС аркылуу ишке ашырылат.

Бул сервис аркылуу жарандар чет өлкөлөрдө иштөөгө жана оор кырдаалдарда тоскоолдуксуз мамлекеттик тейлөө алууга мүмкүнчүлүк болот. Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаевдин айтымында, чет өлкөлөрдө кыргызстандыктар тейлөө кызматында, айыл чарба, медицина, курулуш тармагында жумушка орношууга болот.

Алыбаев системаны кантип колдонуу керектигин түшүндүрдү.

«Электрондук система аркылуу биздин жарандар онлайн форматта дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, оор кырдаалга туш болгондо мамлекеттик тейлөө алууга болот. Ситемага биздин кол тамга менен киргенде бир нече артыкчылыктар бар. Эгер жарандын өзүнүн электрондук кол тамгасы болсо системада өзүнүн жеке маалыматтарын топтоого, башкаларга берүүгө  уруксат берет. Системага кирип маалыматтарын толтургандан кийин электрондук түрдө анкета жазылат. Анкета толгондон кийин жарандар жумушка орношууга бир мамлекетти эмес бир нече мамлекетти белгилесе болот. Ошол мамлекеттер менен иштешкен кызматкерлер бир анкетаны беш кызматкер карашы мүмкүн. Ошол мамлекет менен иштешкен кызмакерибиздин базасында «бул жаран ушул мамлекетте жумуш издеп жатат» деп күйүп калат. Ошону менен бирге анкетада сөзсүз түрдө вотсапп номур жана электрондук дарегиңиз жазылышы шарт. Бул этаптар мындан кийинки жумушка орноштруу процессти жеңилдетет». 

Автоматташтырылган маалымат тутуму чет өлкөлөрдө жарандарды жумушка орноштурууга уруксат алуу кызматын, башкача айтканда онлайн арыз берүү системасын камтыйт.

Мындан сырткары, мигранттардын балдарынын маалыматтарын топтоо жана эсепке алуу системасынын сервистери жана каза болгон жарандардын сөөгүн чет өлкөдөн алып келүү боюнча чыгымдарды компенсациялоо кызматы да иштелип чыкты.

Мигранттарды түйшөлткөн эң негизги маселелердин бири алардын Кыргызстанда калган балдарынын келечеги. Тилекке каршы, соңку жылдары ата-энеси алыста жүргөндүктөн туугандары тарабынан балдарга карата зордук-зомбулук көбөйгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев электрондук система аркылуу ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдар каттоого алынарын айтты.

Онлайн системанын максаты, мигранттарды жана алардын балдарын эсепке алып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү болуп эсептелет.

Ар бир айыл өкмөттө социалдык кызматкерлер бар. Алар үймө-үй кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктап электрондук каттоого алат. Бул категориядагы балдардын саны ачык жарыяланат. Бирок жеке маалыматтар министрликтин базасында сакталат.

Бул системанын ишке кирүүсү менен балдарга карата терс  мамилер азаят деп ишендирди министрдин орун басары.

«Мигранттарыбыздын суроолору да, маселелери да абдан көп. Өзүңүздөр билгендей кечээ Москвада алыcкы тууганы тарабынан сабалган 11 жашар кыргызстандык кызыбыз кандай терс акыбалга туш болгон. Мигранттардын балдырынын жана өздөрүнүн укутарын коргоо үчүн иштелип чыккан АИС системасы эң ири жана керектүү болуп турат. Азыр бул программаны иштетип алалы андан кийий кошумча-алымчалар болот, механимздерди балким кошобуз, аны эми убакыт көрсөтөт.»

Ата-энеси алыста жүргөн балдар оор акыбалга туш болуп жатканын Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын жетекчиси Бермет Молдобаева да ырастады. Анын айтымында, бул орчундуу маселени чечүүгө багытталган долбоорлор жана жаңы механизмдери иштелип чыгууда.

Жогоруда айтылган электрондук сервис — мекендештер үчүн зарыл инструмент жана бул аларга чоң жардам берет деп эсептейт адис.

«Биздин милдет — мигранттар каттоо процессине физикалык түрдө катышпай эле каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек болчу. Анткени мигранттар үчүн бул өтө маанилүү. Санариптик платформаларга өтүү менен мындай кызматтарды тез арада сапаттуу жана ачык-айкын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Биз мигранттар менен дайыма тыгыз байланыштабыз жана бүгүнкү күндө алар онлайн кызматтарды пайдаланып жатышат, бул алар үчүн ыңглайлуу жана пайдалуу болуп жатканын айтышууда. Мындан ары да мигранттарга шарттарды түзүп берүү максатында алдыда иштерди улантабыз.»

Жумуш табуу үчүн онлайн системага каттоо Migrant.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир жаран кирип маалымат ала алат.

Copyright © 2017 Maral FM