Биз менен байланышыңыз

Селге байланыштуу «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылды

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 242 | 0

Кытайдын аймагында нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Кытай тарап нөшөрдөн улам сел жүрүп, жолдордун айрым участокторун жууп, көпүрөлөр бузулганын жана учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу боюнча маалымат кошумча берилери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM