Биз менен байланышыңыз

11 жашар кыздын окуясы укугу корголбогон балдардын маселесин көтөрдү

Коом | 23 мая 2022 | 867 | 0

Өткөн жуманын соңунда социалдык тармактарда 11 жаштагы кыздын аны алыскы тууганы Москвага бала багыш үчүн алып кетип, сабап жүргөндүгүн айткан видео тараган. Видео Орусиянын борборунда тартылган, кыздын ата-энеси Кыргызстанда экени белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, алыскы тууганы Өзгөн районунун Допу айылынан 11 жаштагы кызды Москвага бала багуу үчүн алып барган. Бул окуяга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көңүл буруп, элчиликтин кызматкерлери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кыз турган үйдү таап, аны алып кетишти. Белгилүү болгондой, кыздын аты Тансулуу жана бир нече күндөн кийин Өзгөн диаспорасынын башчысы аны Кыргызстанга алып келет. Бул окуяны Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева көзөмөлгө алганы айтылды. Окуянын чоо-жайын жана адистердин пикирине алдыда кененирээк токтолобуз. 

Буга чейин 11 жаштагы Тансулуу кадимки балдарга окшоп эле мектепке барып окуган. Бирок апасы аны башка мектепке которуу арызы менен алып чыгып кеткен. Андан кийин Тансулуу Москвада алыскы туугандарынын балдарын багып калган.

Бул окуяны айтып чыккан «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, кыздын ата-энесин жоопкерчиликке тартуу керек. Өспүрүмдү мектепте окуу укугунан ажыратканы, ата-энелик милдеттерин толук аткарбаганы жана кичинекей кызды иштетип койгондору үчүн ата-энеси мыйзамга ылайык жооп бериши шарт.

Мындан сырткары кызды сабаган туугандарына да чара көрүү талап кылынды.

«Ата-энеси жоопко тартуу каралышы керек. Эмне себептен кызды мектептен алып чыгып, жалгыз Москвага жөнөтүшөт? ушул суроо бойдон калууда. Башкача айткандар баланы «эскплуатация» кылып жаткандарыда. Себеби мага келген маалыматтарга ылайык, кызга «иштеп акча тап» деген талап коюлуп, иштетип коюшуптур. Өспүрүмдүн укуктары бузулуп, ал зордук-зомбулукка кабылган деп айтылат». 

Турдубекова Кыргызстандагы тиешелүү органдар азыркы тапта кыздын ата-энесинин абалын, жашап жаткан шарттарын текшерип, тыгыз көзөмөлгө алуу керек деп эсептейт.

11 жаштагы Тансулуу 2-июнда Кыргызстанга алынып келинерин Москвадагы Өзгөн коомунун төрагасы Алтынбек Маматасанов билдирди. Ал социалдык тармактарга видео кайрылуу жасап, Тансулуу учурда анын үйүндө, балдары менен чогуу экенин, үй-бүлөсү кошо кызды да ала барышарын айткан.

«Кыздын бир тууган агалары менен, элчиликтин кызматкерлери менен жолугуп, кыз жашап жаткан үйүнө бардык. Агалары бул жерде бойдок экен жана шарттары туура келбегендигинен, мен кызды өз көзөмөлүмө алдым. Азыр үйүмө алып келдим, менин кыздарым менен ойноп жатат, баары жакшы».

Адистердин айтымында, балдарга карата мындай зомбулук социалдык-экономикалык факторлордон улам келип чыгууда. Ата-энелер миграцияга кетип, акча табууга аргасыз. Бирок мындай учурда ар бир балага абадай керек болгон үй-бүлө институту урап, балдар моралдык жактан оор шартта чоңоюуга түрткү болууда. Коопсуз миграция боюнча көз карандысыз эксперт Нуржан Тулегабылованын айтымында, ар бир үй-бүлөдө балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эске ала турган институт болушу абзел. Бирок азыркы окуяны эске алганда айтылган институт көп үй-бүлөлөрдө жок болуп бара жатат.

Бул кейиштүү жагдай мамлекеттик деңгээлде каралып, миграцияны азайтууга, жумуш орундарды түзүүгө багытталган иш-аракеттер, план бекитилиш керек.

Ал эми тиешелүү органдар бир гана окуя катталганда эмес аны алдын алуу чараларын көрүп, болтурбоо аркеттери менен алек болушу шарт деп эсептейт адис.

«Бизде бул окуялар катталганда гана күрөшүп калышат, башка учурда унутта калат, алдын алуу чаралары көрүлбөйт. бир окуя катталганда, коомчулукта кызуу талкууга алынып калганда гана көңүл бурушат. Андан кийин бала же кыз үй-бүлөсүнө кайтарылып же болбосо кандайдыр бир иш-аракеттер көрүлсө, баары кайра тынчып калышат. Мындай болбош керек. Негизи окуя катталганга чейин чоң жумуштарды аткарыш керек: анализ, мониторинг, окуянын себептери изилдениши керек, аны алдын алуу чаралыры колдонушу шарт. Ошондой эле күнөөлүүлөр жоопко тартылдыбы жокпу, жабыркаган баланын андан аркы абалына көз салып көзөмөлдөп туруш керек. Көп убакытты жана чоң жумушту талап кыла турган нерсе, бирок чындап өз жемиштерин бере турган жумуш. Ушундай болсо балдардын зомбулукка туш болгон учурлар азаят. Бул мамлекеттик органдардын деңгээлинде каралышы абзел, ансыз болбой калат».

11 жаштагы кыздын тууганы тарабынан сабалганы тууралуу факты Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Өлкөдө мындай окуя биринчи жолу катталып жаткан жок. ата-энеси миграцияда жүргөн, туугандарынын колунда калган балдар сабалганы боюнча бир нече фактылар буга чейин ачыкка чыккан.

Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда, 10%ы Казакстанда, калгандары Түркия, Түндүк Корея, АКШ жана БАЭ сыяктуу өлкөлөрдө иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM