Биз менен байланышыңыз

Араб өлкөлөрү үчүн Кыргызстан жөнүндө онлайн пресс-тур өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 23 мая 2022 | 4214 | 0

Өткөн жумада Араб өлкөлөрүндө иш сапар менен жүргөндө алардын Кыргызстан жөнүндө маалыматы такыр жоктугуна күбө болдук. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризимди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкаруучу директору Кайрат Итибаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Буга байланыштуу июнь айында Кыргыстандын туристтик мүмкүнчүлүгү жөнүндө Араб өлкөлөрүнө онлайн пресс-тур өткөрүлөт.

«Онлайн пресс-турга араб блогерлери, журналисттери, жарандары да катышат. Ал жерде биз Кыргызстан жөнүндө англис тилинде айтып беребиз. Ошондой эле Араб Эмираттардан жайында атайын делегация келет. Алар менен биз сунуштаган долбоорлорду карап, ишке ашыруу механизмдерин талкуулап көрөбүз».

Copyright © 2017 Maral FM