Биз менен байланышыңыз

Министрдин талаштуу «реформасы»

Коом , Саясат | 20 мая 2022 | 842 | 1

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшенилиевдин айланасындагы талкуулар күндеминен түшө элек.  Өткөн жумада министрдин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган. Андан кийин дарыгерлер, жарандарык активисттер министрди коргоп чыгышкан.  Бул акция бүгүн да уланып, чогулгандар министрдин жүргүзүп жаткан реформалары туура багытта бара жатканын, бирок коррупция менен күрөшкөндөр куугунтукка алынып жатканын айтышты.

Ошол эле учурда министрдин кесипкөйлүгүнөн күмөн санагандар да жок эмес. Кененирээк алдыда токтолобуз. 

Тынчтык акциясына жарандар, активисттер жана дарыгерлер да катышты. Чогулгандар министрдин үч орун басарын кызматтан кетишин талап кылышты.

Жарандык активист Нурсултан Байгазиев атайын Каракол шаарынан министрди колдоо үчүн келди. Ал Алымкадыр Бейшеналиевге каршы чыгып жаткандарды “мафияга аралашкандар, коррупцияга малынып көнүп калгандар” деп сыпаттады.

Орун басарларын министрдин жеке жашоосуна кийлигишпей, аткарып жаткан иштерине гана байланыштуу сын-пикир айтууга чакырды.

«Социалдык тармактардагы жарандардын пикирлерин көрсөк, көбү эле колдоп жатат министрди. Ал эми ага каршы чыгып жаткандар бир уч мафия деп койсок болот. Иштеп жаткан адамга бут тосуштун кереги жок. Азыр ар кандай социалдык тармактарда каралоолор болуп жатат, үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин тийишип, «төшөгүн да аңгып жатышат». Бул иштерди токтотсоңор, жакшы нерсе эмес.»

Нааразылык акциянын уюштуруучусу, жарандык активист Атай Бейшенбек буга чейинки митингде коюлган талаптар четинен аткарыла баштаганын белгиледи. Анын айтуусуна караганда Министрлер кабинети азыркы учурда саламаттыкты сактоо министринин үч орун басарынын үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Тагыраагы алардын иш-аракеттери боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.

«Бүгүнкү акцияда биз орун басарларлдын чыгышын, маалымат беришин күткөнбүз. Бирок чыгышкан жок. Чыгып айтышса болмок. Эмне иштерди кыйратып аткарып жатканда, министр жолтоо кылды? конкреттүү фактылар менен айтыш керек эле. Тилекке каршы бири да байланышка жок, бүгүн чыкканга да кудурети жеткен жок. Мыйзамды сыйлаган адамдар катары биз Министрлер кабинети жүргүзүп жаткан кызматтык иликтөөнү ыкчам жана ачык жүргүзсүн деп кайрылып кетели.»

Юрист Канат Хасанов министрди каралоонун юридикалык жактарын айтып берди. Ал 30 жылдан бери бир да министр жана орун басарлар азыркыдай болуп жаткан реформалык кадамдарга бара электигин айтып, пара алып көнүп калган аткаминерлерге бут тосуп жаткан министрди жолдон алыш керек болуп жатат деп түшүндүрдү.

«Юридикалык жагын айтып берсем. Эмне себептен бул үч орун басары карыш чыгып жатат? Анткени ар бири белгилүү бир багытты карайт. Бир ЖОЖдорду, экинчиси дарыканаларды, үчүнчүсү дагы бир тармакты карайт. 30-жалдан бери бүгүнкү күнгө чейин бир да министр же орун басарлары талапка жооп бербеген окуу жайды, оорукананы же дарыкананы баска жок. Алар акча алып, көз жумуп көнүп калышкан. Алымкадыр Бейшеналиевге биз колдоо көрсөтүш керекпиз».

Министрдин орун басарлары 16-майда маалымат жыйын өткөрүп, өлкө бийлигине кайрылуу жасап, Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнүшкөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүрөт, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбойт.

Чет өлкөдө жүргөнүн айткан министр жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына интервью берип, орун басарлары айткан дооматтарды четке каккан.

Ал кызматтан кетпей турганын, эгер иштен алынса чет өлкөгө чыгып кетерин билдирген. Эгер жалпы эл кызматтан кетүүнү талап кылса, ошол убакытта гана кызмат ордун тапшырып берерин эскерткен.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек саламаттыкты сактоо министринин реформалык кадамдарын толук түшүнбөй турганын айтат. Анын пикиринде, кээ бир иш-аракеттери туура болгону менен мамлекеттик ооруканаларда дале шарттар аябай начар. Баалар болсо жеке менчик ооруканалар менен барабар.

Министрдин мафия менен күрөшүп жатканы да түшүнүксүз экенин, себеби ал үчүн өзүнчө орган бар экенин кошумчалады.

«Реформа боюнча токтоло кетейин. Мен өзүм түшүнбөй жатам, бул киши дарыгерлер менен күрөшкөнү балким туура болгондур. Себеби бүгүнкү күндө башкы дарыгерлер ооруканаларды менчиктештирип алып, бизнеске айландырып алгандары сыр эмес, аны баарыбыз билчүбүз. Бирок мындан бышка реформаларын биз көрүш керек элего? Азыр болсо жеке менчик бейтапканаларды жабам деп жатат. Мен тизмени карап чыктым, ал жерде көп жарандар көрүнүп жаткан ооруканалар да бар экен. Ал жерде мамлекеттик клиникалардан көрсөтүп жаткан кызматтары алда канча жакшы.»

Президенттик администрация жана Министрлер кабинети Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басарларынын кайрылуусуна жана министрдин айланасында болуп жаткан көрүнуштөргө да комментарий бере элек.

Коомчулукта министрдин тегерегинде болуп жаткан окуяларга президент же өкмөт мүчөлөрүнүн үн катпаганына тынчсыздангандар бар. Алар бийлик өкүлдөрүн “байкоочу ролго” кирип алгандар деп сыпатташат.

Медицина маселелери боюнча көз карандысыз эскперт Бермет Барктабасова министрдин азыркы кылып жаткандарын реформа деп айтуудан алыс.

Анын пикиринде министрдин иш-аракеттерине баа берүү мүмкүн эмес, себеби анын кылып жатканы кызматына да, өлкөнүн медицинасына жана жарандардын ден-соолугуна да байланыштуу эмес.

Бул көбүрөөк жеке чыр-чатактардын айынан белгилүү бир инсандар  менен күрөшүүгө, жаш кезиндеги таарынычтардан улам аларды кызматтан алуу менен күрөшкөндөй көрүнөт.

«Азыркы министрди сындап, баа берүү мүмкүн эмес. Себеби мен анын максатын такыр түшүнбөй отурам. Бизде бир гана реформа бар. Өлкөдө медицина тармагын өнүктүрүүгө багытталган кабыл алынган бир гана программа бар. Ошол программаны талкуулап, өзгөртүп, анын негизинде иш алып барууну  реформа деп атаса болот. Министрдин кылып жаткан иштери реформага кирбейт. Ал бардык кесиптештерин сынга алып “алар начар иштешет, жумуштан бошотулушу керек” деп айтып жатат. Балким аларга да убакыт керек эле. Анын жасаган иштеринин кесепеттери азыр ачыкка чыгууда. Коррупциялык тобокелдиктерден ири коррупциялык тобокелдиктер көбөйүүдө. Медициналык жардам — таза медициналык жардам болбой калды, бул көптөгөн адамдар үчүн киреше булагы, акча жана бизнес булагы болуп калды».

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде мамлекеттик «Кабар» агенттигине маек куруп жатып министр жөнүндө пикирин билдирген. Ал: «Алымкадыр Бейшеналиев сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деп айткан.

Буга чейин министрдин жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөздөрү боюнча көп талкуу болгон. Ага бир нече эскертүү, кийин сөгүш берилген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM