Биз менен байланышыңыз

Сел жана чегиртке каптаган эгиндерди камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2022 | 1837 | 0

Жаздын келиши менен өлкөнүн түштүк тарабын сел каптаган учурлар көбөйдү. Муну менен бирге май айынын башында Лейлек районун, ал эми өткөн жумада Аксы районунун дыйкандарынын эгин талааларын чегиртке каптаган. Бул табигый кырсыктардын натыйжасында айрым дыйкандар эгининен кур калышканын айткан.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде дыйкандарга кенемте берүү маселесин козгоду.

Кенемте берүүнүн жолу бул – айыл чарба камсыздандыруусу (агростархование). Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалууда.

«Корооңуздагы мал-мүлкүңүздү, эгиниңизди да камсыздандырып коюшуңуз керек. Мыйзам кабыл алынганда ушул сыяктуу кырсыктардан, кооптуулулуктардан биздин дыйкандарыбыз арылат. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттерде мындай мыйзам бар жана иштеп келе жатат. Ансыз болбойт, себеби айыл чарбасында жаратылыш кырсыктарынан эч ким кепилдик бере албайт. Дыйкандардын мүлкүн сактоо үчүн был мыйзам сөзсүз керек».

Жакын арада аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюларын кошумчалады айыл чарба министри.

Аскарбек Жаныбеков: Август айында жаңы айыл чарба техникалары келет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM