Биз менен байланышыңыз

Аскарбек Жаныбеков: Август айында жаңы айыл чарба техникалары келет

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2022 | 1084 | 0

Буга чейин Кыргызстандагы айыл чарба техникаларын жаңыртууга багытталган долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, айыл чарбасындагы технологияны жаңылоо жана инновациялар тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкы компания «John Deere» Кыргызстанга айыл чарба техникаларына 50 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде аталган келишимдин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстанда 22 миңден ашуун трактор жана комбайн бар. Алардын жылына жаңыртуусу 1-1,5%ды гана түзөт. Ушундай нукта кете турган болсок, өлкөдөгү техника жакынкы 80-90 жылда алмаштырылып бүтөт.

Министр бул жагдайды эске алганда, комбайн, тракторлорду тез жаңыртып, аны менен кошо бүгүнкү күндөгү заманбап техниканы пайдалануунун жолун дыйкандарга ачып берүү — эң негизги аракет катары сыпаттады.

«Долбоорго ылайык, 6% жеңилдетилген насыя менен биздин дыйкандар техниканы ала алат. Бул азыркы техниканы жаңыртуунун жалгыз жана натыйжалуу жолу. Салыштырып көрсөк, Казакстан жылына техниканын 7% жаңыртып жатат. Ал эми Өзбекстан жылына 6% жаңыртууга жетишүүдө. Биз болсо техниканын 1% гана алмашытырып жатабыз. Бул өтө аз».

«John Deere» компаниясы аталган келишим менен тракторлордун биринчи партиясын быйыл август айында алып келерин убадалады.

Азыркы тапта америкалык компания менен Айыл банк ортосундагы насыялык келишимдерге кол коюу иштери жүрүп жатат.

Министр: Сүттүн баасын төмөндөтүү үчүн токтом чыгарабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM