Биз менен байланышыңыз

Министр: Сүттүн баасын төмөндөтүү үчүн токтом чыгарабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2022 | 1274 | 0

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде сүт азыктарынын кымбат болуп жатканынын себебин түшүндүрдү.

Сүттүн өндүрүмдүүлүгү төмөн болгондугуна байланыштуу, өзүнүн турган наркы жогору болуп, дыйкандардын тапкан кирешеси төмөн болуп жатат.

Быйыл сүткө болуп жаткан баа былтыркыга салыштырмалуу эки эсе жогорулады. Муну менен катар башка азык-түлүк да эки эсеге кымбаттаганын кошумчалады Жаныбеков.

«Биз кайра иштетүүчүлөр менен сүйлөшүп, туура, ыңгайлуу бааны коюунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Биринчи сапат, андан кийин баасы дээрлик макулдашууда турат. Баа туура болуш үчүн анын майлуулугу бирдей болуш керек деп, токтом менен “3,4% сүттүн майлуулугуна баа коюп, ошого жараша аласынар” деп токтом чыгарып жатабыз», — деп кошумчалады министр.

Министр мындай учурда сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар бааны чексиз көтөрүп бере албайт деп айтты.

Сел жана чегиртке каптаган эгиндерди камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоор даярдалууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM