Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ форуму. Токаев пландалгандай эле Бишкекке келет

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 524 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келет. Бул тууралуу 20-майда өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Ал эми Евразиялык экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрүнүн президенттери форумга онлайн катышат.

«Форумга катышуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка дагы он мамлекеттен арыз түшкөн. Анын ичинде Туштук-Чыгыш Азиянын жана Латын Америкасынын елкелеру. Жалпысынан 1,7 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө», — деди Арзыбек Кожошев.

Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келүүнү пландап жатканы буга чейин айтылган. Бул анын Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапары болуп саналат.

ЕАЭБ башчыларынын жолугушуусу онлайн өтөт. Президенттер Бишкекке келбейт

Copyright © 2017 Maral FM